"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мамлекеттик курулуш агенттиги: "Ала-Тоо конушундагы полу чөгүп кеткен №82-мектеп 197 миллион сомго салынган"

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо конушундагы полу чөгүп кеткен №82-мектеп 197 миллион сомго салынган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдирди.

"Бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Алар жер төлөдө жайгашкан ашкана жана устакананын полун ачып, текшерүүгө алган маалда ал жерде суу бар экени аныкталган. Комиссиянын чыгарган жыйынтыгынын негизинде курулушту ишке ашырган кампания кемчиликтерди калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзөт", - деп билдиришти агенттиктен.

Аталган мектеп, 2005-жылы Капиталдык курулуш боюнча мамлекеттик башкармалыгы тарабынан 754 окуучуга ылайыкталып курулуп баштаган. Тендердин негизинде курулушту ишке ашыруучу болуп "Эрбак" жоопкерчилиги чектелген коом дайындалган. 2008-жылы мектептин долбоору алмашып, мектеп 1200 окуучуга ылайыкталган. Аны менен "Эрбак" ЖЧК менен келишим жокко чыгып, "Строй-Текс" ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн.

"2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде курулуш иштерин башкаруу укуктары Капиталдык курулуш боюнча мамлекеттик башкармалыгынан Жарандык-турак жай курулуш департаментине өткөрүлгөн. Курулушту өткөрүп-кабыл алуу учурунда сейсмологиялык курулуш боюнча Кыргыз илим-изилдөө институту тарабынан долбоорго ылайык келбеген кемчиликтер аныкталган", - дейт агенттик.

2013-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен мектептин башкы курулушун ишке ашыруучу болуп "СМУ-3" ЖЧКсы дайындалган. Келишимдин негизинде мектептин долбоору өзгөрүлүп, мектеп 500 окуучуга ылайык болуп калган.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча Жарандык-турак жай курулуш департаменти тарабынан курулуштун жалпы сметалык баасы 197 миллион сомду түзгөн.

Айта кетсек, аталган мектептин ачылышы 2015-жылы болгон. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан.

Эске салсак, "Ала-Тоо конушундагы мындан 3 жыл мурун салынган №82-мектептин абалы оор", - деген маалыматты окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан