Бишкекте сабалган 8 жаштагы кызга акча топтойбуз дегендер анын жакындары эмес, айрымдар абалдан пайдаланууда

"Бишкекте өгөй энеси тарабынан сабалды делген 8 жаштагы кызга жардам чогултулуп жатат деген маалыматтар социалдык тармактарда тарады. Бирок алардын баары абалды өз кызыкчылыгына пайдаланып, алдап акча топтогондор", - деди бүгүн, 14-мартта Бишкектеги №3-балдар ооруканасында баласы дарыланып жаткан энелердин бири.

Анын айтымында, 8 жаштагы секелек ооруканага "Тез жардам" кызматы менен алынып келген бойдон жалгыз дарыланып жатат.

"Социалдык кызматкерлер келип, көрүп кетишти. Бирок кыз менен түнкүсүн эч ким калбайт. Мындан тышкары, бул кызга жардам керек деген маалыматтарды таратып, акча топтоо үчүн ачылган аккаунттар пайда болду. Биз социалдык тармактагы "Келинки.кж" тайпасынын активисттери мындай абалдарга көз салып турабыз. Аныктап чыксак, кыздын жакындары тарабынан эч кандай жардам сурап, акча топтогондор болбоптур. Бул кыздын сүрөт, видеосун пайдаланып акча топтоп жаткандар - калпычылар. Коомчулукту алданбоого чакырам", - деди жаш эне.

Ал эми оорукананын медайымы сабалган кызды көрөбүз, жардам беребиз деп келгендер көп болуп жатканын айтты. Бирок буга чейин социалдык кызматкерлер кызга келгендерди киргизбөөнү суранышканын билдиришкен.

"Атасынын туугандары ооруканадагы кызга келип "апам урду дебе, байкем урду деп айт" деп коркутуп жатышканынан улам оорукананын администрациясынан кызга расмий өкүлдөрдү гана киргизүүнү сурандык. Кыз ооруканадан чыгарылган соң ал жаш балдардын психологунун карамагына алынып, атайын жаш балдардын борборунда тергөө бүткөнгө чейин болуп турат", - деген Аламүдүн райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Миңбаев.

Эске салсак, окурман 12-март күнү "Элдик кабар" рубрикасына Бишкекте 8 жаштагы кыз жакындарынан кордук көрүп ооруканага түшкөнүн маалымдаган. Маалыматты Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасынан тастыкташып, ал колунан, башынын бир канча жеринен, моюнунан жаракат алып, денесиндеги көп тактар менен "Тез жардам" аркылуу келгенин айтышкан. Кийин секелектин "Өгөй апам отургуч менен уруп колум сынды, башыма чөмүч менен чапкылап, күн сайын урат" деген видеосу чыкты. Бул арада кыздын чоң энеси "Неберем өзү тентек, келинимдин урганына ишенбейм", - деп айтты SUPER.KG'ге. Бул боюнча кыздын өгөй апасына кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gulu1991
2018-03-14 14:06:25
Бироого зар бироого кор дуйно
+3
Baku88
2018-03-14 20:58:26
Адамдар эмне болуп баратат
+1
aerforce
2018-03-14 22:41:30
Мен атайын кийим кечек сатып алдым эле барып больницада кийип жатсын деп алып барсам киргизеби?
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан