Парламент балдарга берилүүчү жөлөк пул тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңеш балдарга берилүүчү жөлөк пул тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Жалпы 108 депутат катталып, 102 эл өкүлү "макул" деп, 6 депутат "каршы" деп добуш берди.

Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 21-июнунда “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамын кабыл алган. 1-августта ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Мыйзамдагы негизги өзгөртүү - бул "Аз камсыздалган үй-бүлө" деген норма жоюлуп, "Балага сүйүнчү", "Балага жөлөк" жана "Үй-бүлөгө көмөк" деген жаӊы түшүнүктөр киргизилгенинде болгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Анда жөлөк пулдун 3 түрү каралган эле. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы төрөлгөн балага бир жолу 4 миң сом сүйүнчү пул, 3 жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 700 сомдон жөлөк пул, 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом “үй-бүлөгө көмөк” акча берилмек. Бирок бул көмөк акча бардыгына эле берилбей тургандыгы айтылган. Үй-бүлөнүн 3 жаштан 16 жашка чейин үчтөн ашык баласы болсо, жөлөк пул үчүнчү баладан баштап андан кийинкилерге гана берилмей болгон. Мисалы, 5 баласы барлар 1-2-баласына жөлөк пул ала алышпайт деп түшүндүрүлгөн. Талаш-тартыш дал ушул жерден башталган.

2017-жылдын декабрь айында бул мыйзамга Нарын облусунун тургундары каршы митингге чыгышкан. Алар 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы экенин билдиришкен. Мындан улам өкмөт 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдырууну сунуштаган. Ошондой эле өкмөт бул мыйзам күчүнө кирсе 30 миңдей бала жөлөк пул албай кала турганын айтышкан.

Жаңы иштелип чыккан мыйзам долбоору боюнча, 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү жөлөк пулдун жана 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан ашык балдары бар жарандарга ай сайын берилген жөлөк пулдун ордуна муктаж үй-бүлөлөргө берүүнү сунуштаган. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ай сайын социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tina-Tin
2018-03-14 17:05:57
Ошондо кандай мыйзам кабыл алынды так маалымат берип койгулачы супер инфо.
0
tyrgon
2018-03-14 17:14:17
кулкум келдида мен да тушунбодум эмне долбоор жактырганын )))))
0
fantomas
2018-03-14 17:39:31
Мындай Жогорку Кенешти жоюп салыш керек.... Акмактар чогулуп алыптыр Жогорку Кенешке.... Ушунча адам арасында акылдуу бир да адам жокпу?!! Акыры келип баштагы эле системага кайттынарбы суйунчу пулду эсепке албаганда?!!

Уят эле уят!!! Кайсы акылынарга таянып отурасынар ошол жерде?!! Силер депутат деген атка татыктуу эмессинер, силердин чыныгы атынар Тынар койгон ат......

Бир пособиени нормально чече албаган Жогорку Кенеш менен соц.защита министрлигин таркатуу керек....
+4
fantomas
2018-03-14 18:57:41
Баса, 2017 жылы торолгон наристелерге тушунуксуз себептерден улам суйунчу пул (2700 сом) берилбей калган. Окмот ошол суйунчу пулдарды толоп берсин...

Анан да Жогорку Кенеш менен Социалдык коргоо министрлигинин акмактыгынан эл балдарына пособие ала албай келет. Ошондуктан пособиелер жыл башынан берки айларга да толонуп берилиши керек......
+2
arawan
2018-03-14 20:10:59
тушунгон жокмун ким тушунду
+2
muslim87
2018-03-14 20:33:27
Кайсы долбоор жактырылды ошондо? долбоор жактырылды деп туруп эски долбоорун жазып коюпсуңарго. Мурун мындай эле азыр мындай болуп өзгөрдү деп өзгөргөнүн кандай долбоорду депутаттар колдогонун жазбайсыңарбы
0
Nurbek_aika
2018-03-14 21:49:24
1200 сомду көчөдөгү кайырчы деле табат.Күнүнө элүү сомдон иштесе.Кыскасы пособие эч кимге берилбейт.Депутаттардын балдарынын башкасына.
+2
Ayida
2018-03-14 22:34:00
Кыскасы муктаж гана уй булоого берилет. Элдин баары эле муктаж коп балалуулар.Уят жепутаттар
+1
Ayida
2018-03-14 22:37:04
Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ай сайын социалдык жолок пул созсуз бериш керек!Аны жаны мыйзамга кошкон уяты жоктор
+1
tyrgon
2018-03-14 22:39:59
Э кыскасы ушунча убакыт коротуп атыны эле озгортуптур да жепжутаттар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан