Асмандан жааган алтын. Орусияда кымбат баалуу металл ташыган учактын жүгү асмандан төгүлүп кетти

Орусиянын Якутск шаарында жүк ташыган учакта авариялык абал жаралып, алып бара жаткан кымбат баалуу металлдары төгүлүп кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарына Якутск шаарындагы аэропорттон Ан-12 үлгүсүндөгү кымбат баалуу металлдарды ташыган учак учуп жатканда авариялык кырдаал түзүлүп, жүк жүктөлгөн бөлүгүнүн бир капталы сынып, ачылып кеткени тууралуу окурмандар кабарлашкан. Алардын айтуусуна караганда, учак аймакка чачылган кымбат баалуу металлдарды албастан учуп кеткен, ал эми алып бара жаткан 9 тонна жүгүнүн көп бөлүгү жерге чачылып калган. Учак алтын, платина жана бриллиант жүктөп бара жаткан.

Андан сырткары маалыматта учурда кымбат баалуу металлдар чачылган аймакты тартип сакчылары курчоого алып чогултуп жатышканы, аларды терип алган жөнөкөй жарандар да бар экени айтылат.

Ошондой эле учакта эмне себептен авариялык кырдаал түзүлгөндүгү азырынча белгисиз экендиги, учак жакынкы Маган аэропортуна конгондугу, расмий маалымат бериле электиги да белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Nanei
2018-03-15 14:42:36
Асмандан алтын жаабайт деген калп соз экенда анда. Ата энебиз урушат ко жата берсек,тур жумуш кыл,сага асмандан алтын жаамак беле деп . жаайт экенго
+53
al-abu-kinesz
2018-03-15 14:51:11
Nanei, Болду эми бугунтон баштап бул макал актуалдуулугун жоготту :)
+15
Shekeev969798
2018-03-15 14:58:27
Nanei,Мен ошол жерде болуп калгандааа
+16
Aznazalai
2018-03-15 17:20:40
Nanei, ушул нерсе менен ата энендин созун жалганга чыгаргын барбы.Бул калетсиз айтылган соз
-10
Nanei
2018-03-15 17:44:06
Aznazalai,ой Тобоо,мен тамаша иретинде айттым.
+16
bond02
2018-03-15 14:55:28
1чи полиция, милициялар алат экен да озу. Дача СУда да кобу айфондуу болушту го.
+13
Nanei
2018-03-15 15:16:51
bond02,дача су менен салыштырып болбойт. Дача су кыргыз элинин трагедиясы,негедир бат эле унутулуп калды.
+8
Shokoladka94
2018-03-15 15:21:55
Nanei, унуттуруп жатышпайбы улам Бир чуулганды жаратып
+15
Adiletia
2018-03-16 20:33:05
Nanei, ооба эмнегедир ашанын дайыны да чыкпай калды
+1
haydarkan
2018-03-15 15:01:10
Биздин боордоштор да таап алган болушсун эми. Кудай бериптир
+16
beka1207
2018-03-15 15:34:08
Асман балык жааган учур да болду окшойт а
+2
gulzat85
2018-03-15 15:51:03
Якутиядагы кыргыздар давайте чамдагыла болгула))
+9
s81
2018-03-15 16:00:03
Мына сага
+4
Bazana
2018-03-15 17:28:47
Бул алдын ала уюштурулганго деп ойлоп койдум , ким бироолордун планы болгон толугу мн ишке ашпай калдыго .
0
Rasul94
2018-03-15 18:24:12
якутиядагы классташыма Вацаптан жаздым. асманынардан алтын жаап жатыптыр ишинди токтотуп ошол жакка бар десем .милиция курчап алыптыр дейт байкуш кыргыз
+8
shahlet
2018-03-15 18:26:29
Бул асмандан жаады деп капчыкка салып койсо жарашкыдай болсо керек! Бизде сел болгондо, селден аккандарды ( каза болуп калгандардын) алтындарын чечип алышкан.
+1
shahlet
2018-03-15 18:27:02
Алтын алгандарга кут болсун дейли
+3
Saidochka
2018-03-15 18:58:30
Бул самолёт жакшы алтын жаадырып кетиптир,адашпасам индустардын самолёту беле,туалетин асманда эле тогуп кеткен;))
+6
Rasul94
2018-03-15 19:48:56
Saidochka,ха ха хаа ооба индияда
+3
Bobina
2018-03-15 23:16:27
Мынча жакшыыы
0
arzygulR
2018-03-16 01:25:08
Жакшы жабыркагандар жок экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан