Туризм департаменти: "Туристтер өздөрүнүн 20 доллар салык төлөп жатканын билбегидей механизмди иштеп чыгыш керек"

Кечээ, 15-мартта депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңеште салыктык эмес кирешелер боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Кыргыз жерине келген ар бир туристке 20 доллардан бажы төлөмүн киргизүүнү сунуштаган.

"Бул сырттан келген туристтер үчүн болбогон акча. Биз да ошондой төгүм киргизип койсок болот" деген Нышанов. Каржы министри Адылбек Касымалиев бул сунушту кылдат иликтеп чыгуу зарылдыгын айткан эле.

"Туристтерге салык салуу менен алардын саны кыскарышы мүмкүнбү?" деген суроо менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментине кайрылдык. Аталган департаменттин башчысы Азамат Жаманкулов ушундай демилге көп жылдардан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай жатканын билдирди.

"Бирок биз туристтер чек арадан киргенде эле терминалга салык төлөсүн дегенден алыспыз. Алар ошол жерден салык төлөп, төлөдүм деген дүмүрчөгүн көрсөтүп, анан өлкөгө кирүүсү такыр болбогон нерсе. Мындай ыкма алар үчүн ыңгайсыз. Бул маселеге абдан кылдат мамиле жасап, туристтердин санына таасир тийбей турган, алар салык төлөгөнүн көрбөй тургандай механизмди иштеп чыгыш керек.

Эгерде ушундай эле салыкты аларга көрсөтпөй ала турган болушса биз колдойбуз. Маселен туризм өнүккөн өлкөлөрдө туристтик салык деген түшүнүк бар. Анда мейманканалар, эс алуучу жайлар, жаратылыш парктары, айтор туристтер эс алып кеткен жерлер түшкөн каражаттын 5 пайызын туристтик фонддорго өткөрүп турат. Бул каражат өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү үчүн жумшалат.

Маселен, биздин демилгебиз боюнча бул мындайча жүргүзүлмөк. Туристтер эс алган жерлерине төлөгөн акчасынын кандайдыр бир пайызы туристтик фонддорго төлөнүп турса, алар кайрадан ал акчаны туризмди өнүктүрүү үчүн жумшаса, анда биз бул демилгени колдойбуз. Мындай учурда турист андан "салык" деп акча алынганын билбейт", - деди Жаманкулов.

Ал белгилегендей, Орто Азиядагы мамлекеттерде - Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанда туристтер үчүн мындай салыктар жок. Ал эми Түркмөнстан өткөн жылдын 1-августунан тартып чет элдик жарандардан күнүнө 2 доллардан туристтик жыйым акчасын алууга өткөн.

Айта кетсек, Сайдулла Нышанов мындай сунушту киргизүү менен Дубайды мисалга келтирген эле.

"Биз деле Дубайга барганда аэропорттон эле 40-50 доллар бажы төлөмүн алып калат. Менимче, бизге төлөгөнгө ыңгайлуу кылып, ошондой төгүм киргизип койсок болот", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aza17
2018-03-16 14:51:08
.
0
altyn7776
2018-03-16 19:17:16
Мындайды жарыя кылбай иштеп чыгат да...тооба. Бут чала сабат адамдар келди бийликке
0
Aikyn93
2018-03-16 20:19:46
Дубай болуп кететко акча жештин айласы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан