Орусиянын Калининград шаарына 24 жаштагы Гуля (ред. Өзүнүн суранычы менен аты өзгөртүлдү) "Ош базарынан" жумуш издеп жүрүп таанышкан Гүлнар аттуу аял менен өткөн жылдын декабрь айында кеткен. Ал дүкөндө сатуучу болуп иштеп, айына 20 миң рубль айлык акы ала турганы боюнча кагаз түрүндө келишим да түзүлгөн. Бирок аталган шаарга келгенде алданып калганын билип, мекенине кетүүгө жол издеп баштаган. Бул окуясы тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү айтып берди.
Гулянын айтымында, ал Калининград шаарына 2017-жылдын 27-декабрында кеткен.
"Мен "Ош базарындагы" радио түйүндөрдүн биринен жумуш карап жүрүп Гүлнар аттуу эже менен таанышып калдым. Ал мага аталган шаарда көп жылдан бери дүкөн иштетип жүргөнүн, ал жакта күйөө баласы менен кызы жашаарын айтты. Эгер ошол дүкөндө сатуучу болуп иштесем жатаканам бекер, айлык акым 20 миң рубль болорун да айтып берди. Мен дароо макул болуп Гүлнар эже менен кеттим.
Мени жеткирип келген соң Гүлнар эже 2-3 күндөн кийин кайра Бишкекке кетип калды. Ал жакта менден башка 2 кыз, 2 жигит иштеп жүрүшкөндүктөн мен бешинчиси болуп аларга кошулдум. Документтеримди каттоого туруш керек деп эртеси күнү эле Гүлнардын кызы Асел алып койду. Ал жактагы кыздарды уруп-сабап, урушуп жатканын көрүп алданып келгенимди түшүндүм. Мени дароо эле дүкөнгө алып барышып, сатуучу кылып иштете башташты. Ал жактан Орус жарандарынан жардам сурап баштадым. Алар жок дегенде жашаган жериңди айтчы дешет. Бизди болсо унаага салып жумушка алып келип, кайра алып кеткендиктен жашаган дарегимди биле албай койдум. Акырында алар мен жумуштан кеткен учурда артымдан аңдып анан жашаган жеримди табышты. Андан кийин ал Орус жараны мени билдирбей сүрөткө тартып кетип жаткан. Ошолордун жардамы менен мекениме кайтып келдим", - деди ал.
Каарманым аларды иштеткен Асел аттуу кыз дайыма кыздарды ар кандай жолдор менен коркутуп жүргөнүн жана 2 ай аралыгында таптакыр акча бербегенин кошумчалады.
"Биз жумуштан келгенден кийин дагы жашаган үйдү жыйнап, бардык жумуштарды кылчубуз. Бала багуучу жаш кызды уруп-согуп, акчасын бербей коркутуп жатып аны кетиришти. Көбүнчө "биздин полковник таанышыбыз бар, силерди өлтүрүп, өзү өлгөн кылып коюу колубуздан келет. Же баштыктарыңарга алтын салып карматып койсокпу" деп коркутушчу. Мен эки ай толук иштегенден кийин, бир күнү кийимдериңди даярдап кой мекениңе кетип калышың мүмкүн деди. Жумушта иштеп жатсам саат 16:30дарда мени чакыртышып, кете турганымды айтышты. Аэропортко келип, каттоодон өткөнү жатсам телефонумду тартып алышты. Себеби ал жакта бизди урушкан, кыздарды сабаган учурларда тартып алган видеолор бар эле. Анан мага бир кагазды алдыма сунуп кол коюп берүүмдү суранды. Окусам мени 36 миң рубль акча алды деп жазылыптыр. Мен албаган акчама эмнеге кол коюшум керек десем анда телефонуң бизде калат дешкенинен мен силер менен сот аркылуу чечишем дедим. Ошондо Гүлнар эженин кызы мага карап "он жылдан бери сага окшогон кыздардын жүзүн иштеткем, сотко берем, арыз жазам деп кеткендердин далайынын колунан эч нерсе келген эмес" деди.
Гуля мекенине 23-февралда келип, эртеси Свердлов РИИБине арыз жазган. Азырынча иш козголо элек. "Бул окуянын ээлери жазасын алышы керек, себеби мен өлкөгө кайтып жатканда ал жакка 18 жаштагы жаш кыз келди. Эми анын көргөн күнү эмне болот? Мага окшоп билбей баргандарга сабак болор" дейт жабырлануучу.