17-мартта Бишкек шаарынын "Медиа Форум" ишканасынын алдында 2002-жылдагы Аксы окуясына жана 2010-жылдагы Апрель окуясына арналган жарандык жыйын өттү.
Жыйынды "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси уюштурган. Анда катышуучулар "Байсалов, Карасартова, Мавлян - Апрель окуясын өз кызыкчылыгыңарга пайдаланбагыла!" деген жазууну көтөрүп алышкан.
Бул боюнча жарандык активист Рита Карасартова SUPER.KG порталына оюн билдирди.
"Бул жазууну окуп күлкүм келди. Анткени 6 жыл каалагандай башкарган бийлик азыр колдорунан бийлик тайып баратканын сезип, туталанып жатат. Мени эмнеге Апрель окуясына байланыштырып жатканын түшүнбөй жатам. Алар өздөрү бул окуяны менчиктештирүүдө. 6 жыл аралыгында жетишкендиктер болсо дагы эч ким бул датаны менчиктештиргенге укугу жок. Себеби ал күнү канчалаган замандаштарыбыз курман болгон. Биз революцияга кичине болсо дагы салымыбызды кошконбуз. Бирок мага баатырлыкты бергиле деп барган эмеспиз. Бул жыл аралыгында эч кандай жетишкендик болбостон артка кетип жатабыз. Сөз эркиндиги, коррупция менен күрөшүү иштери артка кетти. Мактана турган, менчиктештире турган баалуулуктар жок. Мурунку бийлик апрелге байланыштуу бардык нерселерди менчиктештирип алды. Алар айласы кетип бизди күнөөлөп жатышат. Буга чейин 6 жыл башкарган бийлик Мээрбек Мискенбаевге окшогондорду кыйкыртып, өздөрүнүн деңгээлин көрсөтүп жаткандары өкүнүчтүү", - дейт Рита Карасартова.