Шоу дүйнөсүндө ырчы, аранжировкачы катары таанылган Нияз Абдыразаков көпчүлүккө бойдок экенин айткан. Буга чейин жеке жашоосун табышмактай катып келген ырчы SUPER.KG порталына мындан 6 жыл мурда үйлөнүп, бирок эки ажырым жолго түшкөнүн айтып берди.
"Мен 22 жашымда, жубайым 18 жашында баш кошконбуз. 1 жарым жыл чогуу жашап, балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Жылдызыбыз келишпей калдыбы же жаштык кылдыкпы, айтор түшүнбөстүктөр болуп кетти. Жарашууга даяр болчумун, бирок жубайымдын алдына барып "жарашалы" деп айткан жокмун. Ал оюм ичимде эле калып кетти. Ата-энем да жарашып алгыла деп айтты. Тагдырыбыз бир эмес окшойт, кайрадан чогуу боло албай калдык. Азыр кызым Дияра 5 жашка чыкты. Таене, таятасынын тарбиясын алып жүрөт. Кызым экөөбүз байма-бай жолугуп, көрүшүп, сагынычыбызды таратып турабыз", - дейт ырчы.
Ырчынын бул тууралуу маегин "Супер-Инфо" гезитинин эртең жарык көрчү жаңы санынан окуй аласыздар.