Мындан бир жыл мурун, 2017-жылдын 23-март күнү Ош шаарында милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун жансыз денеси өзүнүн унаасынын ичинен табылган. Өлүккө алгачкы кароо жүргүзүлгөндө маркум башынын арткы бөлүгүнө оор нерсе менен урулган соккудан улам каза болгондугу аныкталган. Көп өтпөй Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан 23-март күнү кылмышка шектелип бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү: күйөөсү, аялы, алардын уулу жана үй ээсинин кайниси кармалган. Каза болгон Таирбек Уларов ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Ош облусундагы башкармалыгынын тескөөчү-коменданты болуп иштеген.
“Окуя кызганычтан болду, өлтүрөйүн деген оюм жок болчу”
Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиргендей, кылмышка шектүү катары кармалгандардын бири Д.Ш. тергөөдө маркум Таирбек Уларовду өзү өлтүргөнүн, буга кызганыч себеп болгонун айтып берген.
"21-март күнү айылыбызда сүмөлөк кайнатылып, кошуналар менен отурганбыз. Анан аялымдын телефонуна Таирбек чалып, аны чакырды. "Эмне үчүн чакырып жатат?" деп сурасам, аялым "карызын берет экен" деди. Артынан 20 мүнөттөн кийин барсам, экөө сүйлөшүп турушуптур. Мен бир аз ичип алган болчумун, Таирбек да кызуу экен. Экөөбүз айтыша кеттик. Анан ал "эркекче сүйлөшөлү" деди. Экөөбүз Учар тарапка каналдын боюна бардык. Ал намысыма тийген ачуу сөздөрдү айтты. Мен ачуумду токтото албай, аны колумдагы балдак менен башка чаап жибердим. Футбол ойноп, бутумду кокустатып алгандыктан убактылуу балдак таянып жүргөм. Андан кийин коркуп кетип, колума тийген миздүү таш менен да бир нече ирет башка чаап жибердим. Ал жыгылып калган болчу, бирок сөгүнүп жаткан. Мен аны унаасынын арткы орундугуна чалкасынан жаткырып, эшиктерин бекиттим. Анан кан болгон ташты жана унаанын ачкычын сууга ыргытып жиберип, өзүмдүн унаамды айдап, сүмөлөк кайнатылып жаткан жерге кайтып келдим. Туугандарыма болсо "Таирбек үйүнө кетти" деп койгом. Окуя кызганычтан, кызуу кандуулукка алдыргандан болду, өлтүрөйүн деген оюм жок болчу", - деген шектүү өз көрсөтмөсүндө.
Шектүү окуяга чейин издөөдө жүргөн
Ош ШИИБинин маалыматына ылайык, негизги айыпталуучу Д.Ш. 2006-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 169-берене (башка бирөөнүн мүлкүн өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо) жана 166-берене (алдамчылык) менен күнөөлүү деп табылып, ага 25 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Андан сырткары 2010-жылдан бери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан алдамчылык фактысы менен айыпталып издөөдө жүргөн.
4 шектүүнүн экөөсүнө карата кылмыш иши кыскартылган
Маркум Таирбек Уларовдун өлүмү боюнча Ош ШИИБи тарабынан 97-берене (адам өлтүрүү) жана 166-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда шектүүлөрдүн бири Д.Ш. күнөөнү толук моюнуна алган. Ал эми шектүү катары кармалган Д.Ш.нын аялы жана баласына карата кылмыш иши 2017-жылдын 14-сентябрында Ош ШИИБи тарабынан 339-берененин (кылмышты жаап-жашыруу) эскертүүсүнө (кылмышты атайылап жашырбаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт) ылайык кыскартылган.
Айыпталуучулардын бири 23 жылга, экинчиси 7 жылга эркинен ажыратылды
Бир жылдан кийин 2018-жылдын 20-мартында Ош шаардык соту соттолуучу Д.Ш. менен Р.М.ди күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, Д.Ш. 97-берене (адам өлтүрүү), 166-берене (алдамчылык) жана 59-берене (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) менен күнөөлүү деп табылган. Ошондой эле мүлктөрү конфискацияланып, күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөй турган болуп, 23 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми аны менен кошо айыпталып жаткан Р.М. 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган. Ал да жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт.
Маркумдун жакындары соттун чечимине нааразы
Ал эми маркумдун эжеси Зульфия Уларова инисинин өлүмүнө карата чыккан чечимге макул эмес.
“Шаардык соттун өкүмүнө каршыбыз. Адам өлтүргөнгө жети жыл берет деген эмне шумдук?! Инимди кызганычтан өлтүрүшкөн эмес, алар ири суммадагы акча карыз болгон. Ал карызды бербей коюш үчүн ушундай кылмышка барышкан. Айыпталуучу Д.Ш.ны өмүр бою эркинен ажыратуу керек эле. Чыккан өкүмгө нааразыбыз, адилет чечим чыгаруусун өтүнүп, эми облустук сотко кайрылабыз”, - дейт Зульфия Уларова.