Орусиянын Кемерово шаарындагы соода борбордун күзөтчүсү кармалды. Ал 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
"Зимняя вишняя" соода борборунун күзөтчүсү өрт башталган учурда өрт сигналын берүүчү каражатын өчүрүп салганы аныкталды. Ошондой эле тергөөчүлөр аталган мекеменин техникалык директорун да суракка алды. Андан сырткары өрт сигналын тейлөөчү кызматынын жетекчиси жана кызматкери учурда сурак берип жатат", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, 25-март күнү Орусиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя Вишня" соода борборунда өрт чыккан. 4 кабаттуу соода борбордун жогорку кабаты өрттүн эпицентри болгону айтылууда. Ошондой эле жогорку кабатында кинотеатр жана аттракциондору менен балдар ойноочу аянттар болгону маалыматта кошумчаланат. Учурда өрттөн каза болгондордун саны 64кө жетип, анын сегизи балдар экени жазылууда. Ал эми 13 жаран учурда оор абалда ооруканада жатат.
Ошондой эле маалыматта 64 жарандын өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу Кемерово облусунда 3 күндүк аза күтүү күнү деп жарыяланганы, ага губернатор Аман Тулеев кол койгону айтылат. Ага байланыштуу 27-28-29-март күндөрү Орусия Федерациясынын желеги жана облустук желектер түшүрүлөт.