Депутат Момбеков мамлекеттик ишканалар кандай учурда сатыла турганын сурады

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиевден мамлекеттик ишканалар кандай учурда менчиктештириле турганын сурады.

Ренат Түлебердиев иштей албай жаткан ишканалар менчикке чыгарыла турганын айтты.

Момбеков "Караван" соода борбору иштей албай жатабы?" деп суроо салды.

Түлебердиев "Караван" соода борбору жылына мамлекетке 20 миллион сом түшүрүп жатканын билдирди. "Соода борбору айына 5-6 миллион сом ижара төлөйт. Мындан 2 миллион сом бюджетке түшөт. Калганы "Мүлк" ишканасында калат", - деди Түлебердиев.

Момбеков: "Киреше берип жаткан тармакты сатуунун эмне кереги бар?" деп сурады.

Түлебердиев "бул өзүңөр көргөндөй соода борбор" деп жооп берсе, Момбеков кызыкчылыктар бар экенин айтты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы "Караван" соода борбору 2017-жылы 25-апрелде Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына алынган. Быйыл 16-мартта парламенттин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында "Караван" сатыла турганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан