Бишкектеги маршруттук таксинин айдоочусу эмнеге жумушка чыкпаганын "Транс Групп Коммуникэйшн" фирмасынын өкүлдөрүнүн бири SUPER.KG порталына билдирди.
"Биринчиден, күйүүчү май кымбат. Жол кире акысы 10 сом. Эми жакында жумушка атайын форма кийүү киргизилди. Эң негизгиси камсыздандыруу компаниясын киргизди. Жол эрежесин бузуу боюнча айыптар эки эсеге өстү. Азыр чогулушка бара жатабыз. Ал жерден дагы биздин маселе кандай жолго чечилери билинет", - дейт айдоочу.