УКМК маршруттук такси айдоочуларынын иш таштаганын териштирет

Бишкектеги маршруттук такси айдоочуларынын иш таштаганы териштирилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, териштирүү Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлөт. Иш таштаган маршруттук таксилердин айдоочуларына кандай чара көрүлөрү териштирүү иштери аягына чыккандан кийин айтылат.

Айта кетсек, бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарында айрым маршруттук таксилердин айдоочулары иш ташташты. Ошол эле мезгилде аялдамаларда маршруттук унааны күткөн эл көп экени жана автобустар менен троллейбустарга адамдар батпай жаткандыгы айтылган.

Ошондой эле маршруттук таксинин айдоочулары "күйүүчү май кымбат, жол кире акысы 10 эле сом, бул актабайт. Камсыздандыруу компаниясын киргизди. Жол эрежесин бузуу боюнча айыптар эки эсеге өстү", - деп билдирген.

Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш ташташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kechirmeni
2018-04-02 10:23:07
Башка шылтоолор жондуу анан жол эрежесин бузуу боюнча айыптар эки эсеге өстү дегени шылтоо эмес, андай экен эреже менен журушсун.
+6
salfego
2018-04-02 10:33:04
Кийсин ак койнок! Штраф которулгону туура!! И аялдамадан башка жерге токтогонго да уруксат сурап жатышыптыр!! Ошол кантип болсун! Айдоо маданиятын уйронушсун! Бугун бут авто ээлерин чакырам элдерди корсонор бекер жеткирип туралы! Маршрутканын баасын кымбаттатпашсын!!!!
+5
KOCMOC
2018-04-02 10:35:07
Шаарда бардак болуп кетти го. Жонго салбайбы тиги креслодо отургандар!
+2
Nurbol
2018-04-02 10:37:55
Митингтердин сезону башталып заказ менен эле иш таштаган жокпу
+1
ali1995
2018-04-02 11:06:23
Полиция озу текшерсе болмокда эмне УКМК нын башка жумушу жок бекен
0
kechirmeni
2018-04-02 11:23:43
Тиги усатый кайда журот чечпейби, байкеси менен чайлашып журобу
0
Ermekbai
2018-04-02 11:41:53
УКМК нын башка иши жокбу Дача сууга кулаган жүктүн ээсин тапсын. ТЕЦтин ишин карасын. Ашаны камасын. Өзүбүз баарына күнөлүүбүз астановкага туруп маршрут тоспосок аларга штраф болуп жатат. Кыскасы түшүнүүчүлүк көз караш менен карайлы.
+3
nurbekasr
2018-04-02 11:44:29
ErmekbaiЭң туура жазыпсын сага миң эсе плюс басиакмын Атамбаевди камасын деген үчүн.
+1
amirrus
2018-04-02 11:44:34
Озунун менчик машинеси эмне кылып алмак эле УКМК,коп болсо линиядан чыгарат да...Актабаса айла жок бала чака бар дегендей.Ашыкча талаптын эмне кереги бар мисалы форма.Каалаганын барын киет да бечаралар,жыргагандар минбейт маршрутка,минип корсонор 1кун билесинер ...
-1
kechirmeni
2018-04-02 12:32:01
Атамбаев кетсин деп иш таштаганынарда эл колдомок эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан