Иш таштаган маршруттук унаанын айдоочулары: "Укугубузду коргогон эч ким жок, мындан ашык чыдай албайбыз"

Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарындагы маршруттук унаалардын айдоочулары иш ташташты. Алардын мындай кадамга барышына - бирдиктүү форма кийүү, унааны камсыздандыруу талаптары, жүргүнчүлөрдүн орой мамилеси, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын салган айыптын суммасынын көптүгү себеп. Бул тууралуу маршруттук унаалардын айдоочулары нааразычылык акциясында айтып беришти.

"Мен өзүм 10 жылдан бери маршруттук унааларды айдап келем. Мурда мынчалык кыйналган эмеспиз. Азыр болсо бизди видеого тартышып, дароо жаманатты кылып жатышат. Бизди кичинекей балдар да сөгүп кетишет, түрдүү орой мамилелерге туш болобуз. Ал аз келгенсип эми унааны камсыздандыруу, форма алуу деген сыяктуу талаптарын коюп жатышат. Биз мындан ары буга чыдай албайбыз", - деди маршруттук унаанын айдоочусу Айбек Бердибаев.

Талаптар аткарылбай калса, жумушуңузду таштайсызбы деген суроого ал: "Ооба, ансыз деле көп айдоочулар Орусия жана башка чет өлкөлөргө кетип калышкан. Мен да ошолордун бири сыяктуу кетем. Азыр өзүңүз шаарды көрүңүз, маршруттук таксилер жок, бирок жол тыгын. Демейде жол тыгындарына бизди күнөөлөшчү, бүгүнчү, бүгүн тыгынды ким жаратып жатат?" - деди ал.

Ошондой эле айдоочулар, жол эрежелери боюнча экзамен тапшырууну татаал деп сыпатташты. Мындан тышкары эгер унааны камсыздандыруу, бирдиктүү форма кийүү деген талаптар алынса, айып пулдун көлөмү азайса дароо жумушка чыга тургандыгын айтышты.

"Эгер биздин айткандарыбыз аткарылбаса, биз маршруттук унааларды биротоло айдабай койгонго чейин барабыз" дешти алар.

Айдоочулардын талаптары:

1) Камсыздандыруу полиси жок маршруттук таксилердин айдоочуларына айып салууну жокко чыгаруу;

2) Бирдиктүү форма кийүү талабын алып салуу;

3) Жол кире акысын 15 сомго чейин көтөрүү;

4) Маршруттук таксинин айдоочуларына жүргүнчүлөрдү аялдама жок жерлерден деле салып же токтоп түшүрө берүүгө уруксат берүү;

5) Маршруттук таксилер жолдун экинчи тилкесинен деле бурула берүүгө уруксат берүү, бул үчүн айып салбоо;

6) Жолду туура эмес кесип өткөн жөө жүргүнчүлөргө да айып салуу.

Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш ташташты
Бишкектин маршруттук таксилерсиз көрүнүшү (бийиктиктен)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Salen
2018-04-02 12:20:54
Биз да талап койолу:
1 айдоочулар таза,тыкан,жургунчулор менен сылык мамиледе болуусу
2 жол эрежесин сактоо,жургунчулор коопсуздугун сактоо
3 автонун абалын таза кармоо,техникалык коопсуздукка жооп беруусу
P.s россияга кетем,айдабай койом деген ойлор болсо ар биринерге ак жол,сапарынар байсалдуу болсун!
Ошол эле 10 сомго иштей турган каалоочулар толтура.
+14
modem4999
2018-04-02 12:20:55
Форма озу канча сом экен ? Билгендер айтып койгулачы?
+3
Makedonia
2018-04-02 14:31:04
modem4999,

750 сомдон экен.
+2
Nanei
2018-04-02 12:26:00
Жаман водитель(катын)кетем деп коркутат. Россияда тартип кучтуу,бмзге караганда
+5
modem4999
2018-04-02 12:26:45
Бизде дагы талаптар бар; отургучтарды тизе баткандай кылып чонойткула,тамеки тартпагыла,телефон менен суйлошпогуло,адырандатып айдабагыла,ж.б.
+9
Sogushov
2018-04-02 12:26:50
Талаптары ото еле дерско го))) уят башка эл укса
+5
modem4999
2018-04-02 12:35:26
Ооба россияда жыргап атабыз,уй булону баккан жумуш болсо биз деле кетет элек го.
+3
real8585
2018-04-02 12:44:05
Коптуу булар кунуно 2000 ден кем эмес табышат, стройкада,кафеде, ж.б жерде баш которбой иштеп тапканыбыз 350- 750 чейин. Дагы 15 сом деп коюшат.
+7
madrid7000
2018-04-02 13:16:14
Булардын жайына койсон,баардык орундарды алып салып,элдин баары туруп журушсун деген деле талап койчудай.
+5
Kg-samsung
2018-04-02 13:18:21
Силер дагы 1 милион биржарым миллионго машина алып жакшы ой менен иш кылып кунуно 2 мин тапсанар да козго корунбой калат. Запчасты жаман кымбат булардыкы.
-5
Kg-samsung
2018-04-02 15:34:23
Kg-samsung,койгон талаптарынын кобуно менделе каршымын
0
Gukush8993
2018-04-02 13:29:40
Бүгүн жаман куйдурду ушул маршруткалар силерди ещё хуже караш керек ашыкча эле коптунор жол кире 10сом болгону менен адамдардын баарын тыгып алып учуруп айдайсынар го 15сом кылса деле ошол да кейпинер башка машиналарга да тоскоол болосуңар
+6
Tyty1990
2018-04-02 13:33:05
Булар ото наглый айдашат, жолдун ортосуна туруп алып акча эсептеп кыбырап кете беришет. Арттагылар жыйырма машине токтоп турганы менен иши жок. Анысы мейли эки маршрутка жолдун ортосуна туруп алып ден соолук сурашып учурашат. Сигнал берип карасан кайра сени согот. Двойной сплошнойду эми айтпай эле койоюн. Каршы тилке менен нагло келе беришет. Кайра мени коркутуп согушот. Тушуп туруп тайнесин таанытайын дейсин,кайра кой дейсин
+4
Aziyat
2018-04-02 14:00:14
Форма кийүү ушунчалык кыйынбы? Кийип,талаптарды аткарып иштей бергиле да. Жол кирени 15сомго көтөртүп,айдоочулар өздөрүнүн чөнтөгүн ойлошот,не алардын балдары,туугандары түшпөйбү маршруткага аларга деле 15сом төлөө кыйын болот. Өзүңөрдү эмес башкаларды да ойлогула да.
+5
Baku88
2018-04-02 14:45:01
Aziyat, балдары туугандарына бекер да
-1
madrid7000
2018-04-02 15:06:15
Baku88,Жарбачы кайдагы бекер
0
ooki8888
2018-04-02 14:21:17
Мындан ары жоо журсомда, булардын койгон талабын колдобойм!!!
+4
bazarkyl
2018-04-02 18:29:56
Тазалего болушуп алганга
0
Arlenchik
2018-04-03 19:07:32
Талаптары укмуш го булардын, жанагы бир талабын канаттандырса болот, форманы жокко чыгарып, калгандарын ошол бойдон калтырыш керек, кааласанар иштебейле кете бергиле, иштейбиз дегендер четтен чыгат, акырындык мн бустарды линиядан алып жалан тралейбус автобустарга отуу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан