Маршруттук такси айдоочулардын жана эл ташуучу фирма-ишканалардын коюп жаткан талаптары аткарылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирген. Токтомго ылайык, кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек, албаса 500 сом айып пул салынат же унаалары айып аянтчасына токтотулат. Жүргүнчү ташыган айдоочулар, таксисттер унаасындагы ар бир орунду камсыздандырууга тийиш.
"Шаар ичинде эл ташыгандар камсыздандыруу үчүн жылына ар бир орунга 136 сом 6 тыйын, айыл-шаарлар аралык, эл аралык каттамга чыккандар ар бир орунга 204 сомдон төлөй турганы мыйзамда көрсөтүлгөн. Бул аткарылууга тийиш", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, учурда Бишкекте 120 каттам боюнча эл ташыган 40 фирма катталган.
"Күн сайын каттамга 2700дөн ашуун маршруттук такси чыгат. Булардын ичинен көпчүлүгү камсыздандырылган эмес. Бишкек мэриясы эл ташуучу ишканалардын айдоочуларына 26-31-март күндөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүнө карабай, 2-апрелде таңдан тартып алдын-ала маалымдоосуз маршруттук такси айдоочулар иш ташташты. Өткөн жыл ичинде Бишкекте маршруттук унаалар катышкан 252 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен эки киши көз жумуп, 408 адам түрдүү жаракат алган. 2016-жылы 136 жол кырсыгы катталып, сегиз киши каза болуп, 211 адам жаракат алган", - делет мэриянын маалыматында.
Буга чейин маршруттук таксилердин айдоочуларынын талаптары жазылган. Алар укуктары корголбогондугун, көп тараптан кысымдар болуп жаткандыгын айтышкан. Ал эми шаар тургундары күтүүсүз жаралган бул кырдаалга нааразы болушууда.