Айрым маршруттук таксилер жумушка чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, маршруттук таксилер бир нече каттамдар боюнча каттап жатат. Ал эми эртең 3-апрелде маршруттук таксилердин бардык каттамдары ишке чыгышат.
Эске салсак, бүгүн маршруттук таксилердин айдоочулары нааразычылыгын билдирип иш ташташты. Алар укуктары корголбогондугун, көп тараптан кысымдар болуп жаткандыгын айтышкан. Ал эми шаар тургундары күтүүсүз жаралган бул кырдаалга нааразы болушууда.