Ноокатта кыздарга жолугуу үчүн барган 2 жигиттин сабалуусу боюнча жалпы 10 адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда жалпы 10 адам кармалды. Алардын экөө 30-мартта Гүлстан айылына кызга жолугуу үчүн келип ур-токмокко кабылып, каза болгон адамдын иши боюнча кармалса, сегизи 4-апрелде кызга жолугуу үчүн келген жигитти сабагандыгы үчүн камакка алынышкан. Негизинен кармалган 10 адамдын бул 2 ишке тең тиешелери бар. Камакка алынган адамдардан сырткары дагы 5 адам шектүү катары каралууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин окурман Ноокатта 50дөй адам кыз-жигитти ур-токмокко алганын, биринин абалы оор экенин кабарлаган. Андан кийин милициядан бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалган. Көп өтпөй аталган айылга кыз менен жолугууга келген дагы бир жигит сабалып, алган жаракатынан улам каза болгону маалым болгон.