Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, жолугушуу бүгүн, 11-апрелде Кытайдагы мамлекеттик "Боао" резиденциясында болгон.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз болуп, эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын жакшы жолго коюлганын белгилешти. Ошондой эле Си Цзиньпин Атамбаевге кезектеги Боао азиялык форумуна катышканына ыраазычылык билдирип, КСДП партиясынын жетекчиси болушу менен куттуктады.
Алмазбек Атамбаев форумга чакырылганына ыраазычылык билидирип, Боао азиялык форуму эл аралык экономикалык кызматташуунун жакшырышына алып келерин белгилеген.