Насыр Мусаев депутат болду. Ал мандат алууга майыптар арабасы менен келди

Насыр Мусаев Жогорку Кеңештин депутаты болду. Мындай чечим 16-апрелде өткөн БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Маалым болгондой, Мусаев каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун ("Кыргызстан") ордуна келди. Буга чейин Мусаев дарыланып жүргөнү айтылган, ал БШК жыйынына мандат алууга майыптар арабасы менен келди. Мусаев ден соолугу жакшырып келе жатканын, депутаттык милдетин толук аткарарын билдирди.

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон. 19-январда БШК анын депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Аталган фракциянын катчылыгы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча депутат болууга кезекте Насыр Мусаев турганын билдирген. "Кыргызстан" фракциясы Насыр Мусаев ооруп, чет мамлекетте жүргөнү боюнча кабарлаган.

Айта кетсек, Насыр Мусаев 1958-жылы 1-сентябрда Токмок шаарында туулган. Ишкер, "НИМ компани" ЖЧКнын директору, бул компания туристтик тейлөө менен алектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан