Курсан Асанов: "Ош базарындагы" өрт боюнча үч версия бар"

Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектеги "Ош базарында" жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында болгон өрт кырсыгы боюнча маселе каралууда. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов суроолорго жооп берип жатып, "Ош базарындагы" өрт кырсыгы үч версия боюнча тергелип жатканын айтты. Анын белгилешинче, бир версия менен кароо туура эмес болот.

"Эки берене менен кылмыш иши козголуп тергөө уланууда. Учурда 110 соодагер жабырлануучу болуп таанылганы менен 77 гана жабырлануучу арыз берди. Азыр да иштер уланып жатат, бүгүн же эртең толугу менен бүтүп калат.

Ал эми козголгон кылмыш ишинин негизинде үч версия боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Биринчиси - атайын өрттөө, экинчиси - өрт коопсуздугунун эрежелеринин сактабоо, үчүнчүсү - кызыкдар болгон атаандаш адамдар тарабынан болушу мүмкүн деген негизинде. Анткени бир версия менен тергегенибиз туура эмес болуп калат. Андан сырткары, жооптуу адамдардын жана базар ээлеринин үстүнөн материалдарды топтоп прокуратурага өткөрүп бердик. Себеби өз учурунда текшерилип, өрт коопсуздугун сактабагандыгы үчүн айыптар салынып келген экен. Жакын арада чечим чыгат", - деди Асанов.

Депутат Тынчтыкбек Шайназаров өкмөттү бул маселеге кайдыгер карабоого чакырды. "Бул жөнөкөй сөз боюнча калбашы керек. Өкмөт, мэрия, укук коргоо органдары эмне иш жасашы керектигин аныктап, токтом кабыл алышыбыз керек. Эсиңиздерде болсо керек. 2000-жылы Ош шаарында ушундай эле өрт кырсыгы катталып, келтирилген зыяндын орду толтурулуп берилген. Азыр да ушундай жолдорду караш керек. Бири-бирибизге түртүп, жоопкерчиликтен кача турган болсок, жыйынтык чыкпайт", - деп айтты Шайназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан