Ноокатта кызга жолугуу үчүн барган адамды жергиликтүү тургундар сабаган окуяга тиешеси бар делинип Орусияда жүргөн 2 адам Кыргыз жергесине алынып келет. Бул тууралуу 18-апрелде SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, аталган 2 адам алгач окуянын күбөсү катары суралат.
"Аталган окуяга тиешеси бар 2 адамдын Орусияда жүргөнү аныкталды. Аларды алып келүү үчүн милиция кызматкерлери жөнөп кетишти. Жакынкы күндөрү Кыргыз өлкөсүнө алынып келет. Бирок алар алгач окуянын күбөсү катары суралат. Андан кийин гана укуктук баа берилет", - дейт Ашырбаев.
Эске салсак, окурман Ноокатта 50дөй адам кыз-жигитти ур-токмокко алганын, биринин абалы оор экенин кабарлаган. Андан кийин милициядан бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалган. Көп өтпөй аталган айылга кыз менен жолугуу үчүн келген дагы бир жигит сабалып, алган жаракатынан улам каза болгону маалым болгон. Кийин аталган окуяга байланыштуу 15 адам кармалып, анын үчөө Ош шаардык сотунун 9-апрелдеги чечими менен үй камагына чыгарылган.