Жогорку Кеңештин өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечими президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.
Эми Конституциянын 85-беренесине ылайык, мамлекет башчы өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Жогорку Кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу. Эгерде Жогорку Кеңеш 3 айдын ичинде өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алса, президент өкмөттү кызматынан кетирет.
Айта кетсек, бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алган.