Бүгүн, 21-апрелде жаңы дайындалган өкмөттүн курамы ишке киришти. Алар жалпы жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловду, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жалпы жамаатына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Ал эми саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, экономика министри Олег Панкратовду, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мырзахмедовду биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды.
Эске салсак, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирген. Кечээ, 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн курамы Жогорку Кеңеште жактырылган. Андан соң президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн курамын тийиштүү кызматтарга дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.