КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев интернеттеги пикирлер үчүн жоопко тартуу мыйзам долбоорун чакыртып алды. Бул тууралуу депутат бүгүн, 24-апрелде билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, депутат бул мыйзамга өзгөртүүнү мындан ары да колдойт жана мындай мыйзам керек деп эсептейт.
"Коомчулук бул мыйзам долбоорун туура эмес түшүнүп алды. Башка бир адамдын ар-намысына шек келтирген маалымат жалпы коомго да зыянын тийгизет. Мен бул долбоорду өкмөт каршы чыкпаса артка чакыртпайт элем. Өкмөт келечекте мындай мыйзам долбоор керек экенин кийин түшүнөт", - деп айтылат Бекешевдин билдирүүсүндө.
Айта кетсек, депутат сунуштаган мыйзам долбоорунда интернетте негизи жок сын айткандарга чара көрүлүп, айып пул салынышы жазылган.