Шамал учуруп кеткен желектин ордуна сүрөтчү Азамат Жаналиев таң атканча желек көтөрүп турду

Кечээ, 24-апрелде болгон катуу шамалдан "Ала-Тоо" аянтындагы желек учуп кеткен. Патриот жаштар желекти тепселендиге калтырбай дароо эле кылдаттык менен бүктөгөн. Желексиз калган борбордук аянтка катуу шамал, нөшөрлөгөн жамгырга карабай желек көтөрүп барып, таңкы саат 6га чейин көтөрүп турган активист болду. Ал стринг-арт стилинде сүрөт тарткан сүрөтчү Азамат Жаналиев.

Ал "үйдө тынч жата албай койдум. Желек таап келип, сыймыктануу менен борбордук аянтта турам! Чоң желек келгенче күтөм" деп социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.

Азамат Жаналиев тиешелүү мекеме тууну кайра илбегенине байланыштуу үйүндөгү желегин көтөрүп келген.

"Биздин туубуз эч качан түшпөсүн деген максатта ушул желекти көтөрүп турам. Аянтка түнкү саат 12де баргам. Тиешелүү тарап желекти кайра көтөрмөйүнчө күтөм дегем", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
dinar-87
2018-04-25 09:24:53
Оо чыныгы патриот .
+15
SMS Aroma
2018-04-25 09:27:05
Мыкты!
+13
aydinnur
2018-04-25 09:44:06
Айда молодец, айда Азамат!! Көпчүлүк бир социалдык тармакта ооз менен орок оруп, жамандыкка жоруп чыкты.. Бул жигит иш жүзүндө көрсөтүптүр!!!
+12
AzKumFerDan
2018-04-25 09:47:19
Жүрөгүм дүркүрөп чыкты кабарды окуп бүткүчө.Рахмат сага сага окшогон мекенчил жаштар көбөйсүн
+12
Zainidin96
2018-04-25 10:31:29
Азаматсыз ишинизди ар дайым ийгиликтер коштосун рахмат сизге таазим кылабыз жаштарга улгу бергениниз учун
+6
kuzgu
2018-04-25 10:40:34
Эркек. Азаматсын. Элине жериңе керегиң тийип эл уулу болуп аман - эсен жүрө бер
+7
Asanovna1805
2018-04-25 10:46:31
Азаматсын Азамат. Сенин колунда бийлик болгондо ошол эле туну илдирмек экенсин да желекти.
+6
zz2013zz
2018-04-25 10:50:31
Биздин мамлекеттин башында тургандардын кайдыгерлиги,мэриянын калпыстыгы ,1 саатка жеткизбестен кайра илип койуш керек болчу.Азаматка окшогон арабыздагы патриоттор кубандырат,кейиштуусу мамкызматтагылар да патриот болушса
+6
a.sheralievic.91
2018-04-25 10:51:23
Азамат азаматсың адаш, биз Азамат дегендер патриот келебиз негизи
+8
bolsunalban
2018-04-25 11:11:18
Азаматсың! Патриот болуп отурган креслодогу чиновниктерге айла деле жок болуп калды
+5
al-abu-kinesz
2018-04-25 11:28:52
Бул дагы эски бийликтин кулап, Мекенибизге чын журогу менен куйгон жаны патриоттордун келиши менен коштолгон окуянын белгиси болсо экен! Алгачкы онугуу мына ушундай окуялар менен коштолот, Азаматсын!!!
+9
aliya-leyla
2018-04-25 11:32:37
Толкунданып кеттим окуп алып козумо жаш тегеренип кетти. Ушундай чыныгы мырзаларыбыз бар экени кубандырды
+6
Totyua.71.
2018-04-25 14:36:38
Азаматсын!Сендей патриот жигиттер көбөйсүн!
+2
Mikra
2018-04-25 14:39:24
Бишкектин мэрин алгыла жумуштан 9000с кочот алып дубана болуп кочодо жургондун ордуна ошол желекти эстеп 1саатка калтырбай илдириш керек эле.Президентибиз эмнеге ушу Алибеке алы жетпей жатат жумуштан тез алса болмок.ТУУ деген биздин Кыргыз деген наамыбызгоо.Улуу урматтуу президент ушул желек боюнча ишти карап.Желекти которуп турган жигиттин бутунан опсонорда аздык кылат.Президент деген наамынызды корсотунуз.
+2
nurtilek.kursanbekov
2018-04-26 09:15:54
Кайсы бети менен атамбаевке эл баатырын берди деймда ушуга бербейби жок дегенде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан