Азимов: "Өзбек аскери мени сүйрөп бара жатканда, колундагы рацияны жулуп алып качтым"

"Өзбек аскери чек арадан кирип келип, заара ушатып, итин агытып мени сүйрөп кетейин деп жатканда рациясын жулуп алдым" деди Абдрашит Азимов SUPER.KG`ге жооп берип жатып.

Окуя бүгүн, 29-апрелде түшкө жуук болгон. Анда Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы чек ара тилкесинде жашаган Абдрашит Азимов короосундагы бактарын сугарып жүргөн. Ошол учурда Өзбек аскери ага тийише баштаган.

"Мен атам тиккен бактарды сугарып жаткам. Бир убакта Өзбек аскери биздин аймакка өтүп алып "суу койбо" деп кыйкыра баштады. Мен анын себебин сурадым. Жооп бербестен мен тарапка карап заара ушатты. Мен абдан ачууландым. Өзүнүн тилинде көп сөздөрдү сүйлөдү, анын баарын түшүнгөн жокмун. Анан мага карап, овчарка породасындагы итин агытып жиберди. Анын итин таш менен уруп, эмне үчүн мындайга барганын сурасам, мени жакамдан кармап Өзбекстандын аймагына алып кирип кетүүгө аракет кылды. Ошол учурда колундагы рацияны жулуп алдым да, колунан чыгып, качып кеттим. Кийимдерим айрылды. Менде бул фактыларды тастыктаган, сүрөт-видеолор бар. Азыр аларды жарыялабай турам. Эки өлкөнүн жогорку чечүүчү адамдары келсе, аларга берем", - деди Азимов.

Ал Өзбек аскерлери аймакта дайыма эле ушундай кысым көрсөтүп турганын айтып берди.

"Мага алардын рациясынын кереги деле жок болчу. Мен бул кадам менен биздин аймактагы маселени эки өлкөнүн башында турган адамдар билсе дейм. Өзбек аскерлери үй-бүлө, балдарым менен короодо жүргөндө заара ушатып, шылдың кылгысы келет. Балдарыбыз мектепке баргандан коркуп калышкан. Өзбек аскерлерин көрсө коркуп качышат. Аларды мектепке коштоп барып келебиз. Кечээ эле айылда ушуга окшогон окуя болуп, чек ара кызматына кабар бергем. Тилекке каршы, бүгүн дагы кайталанды. Бул маселе чечилбесе бул жакта жашаган калк ашыкча азап тартууда", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, буга чейин окурман "Ала-Букада Өзбекстандын аскерлери Кыргыз жаранына ит агытып, аны өз аймагына алып кирип кетүүгө аракет кылды" деген билдирүүнү "Элдик кабар" бөлүмүнө жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (55)
cyrus
2018-04-30 00:58:23
Кыргыз аскерлери озбек аймагына кирип заара ушатмак турсун, бир кадам аттап отбосо керек. Алсыздыгыбызды коруп, башчылардын ойлонуп капар албаганын коруп зээнин кейийт да
+5
Dastanke2014
2018-04-30 07:51:45
Нота жиберет биздин бийлик. Жообу келгенче башка окуя катталат.
+5
Asalim-99
2018-04-30 08:04:10
Уй бүлөөсүнө зыян жеткирбесе болгону эми.
+4
admin_superstan
2018-04-30 10:00:09
asman.81,muslim.08.08.92, meni_kut, nemo2016,
Порталдын эрежелерин сактагыла!
-1
meni_kut
2018-04-30 10:05:10
Кандай болуп чечилди?Супер инфо жооп кутуп атабыз.Абдрашиттен кабартырдамын
+4
admin_superstan
2018-04-30 10:42:54
meni_kut,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
+1
zhigitaly
2018-04-30 10:08:23
ХХХХХХХХХХХХХХ барып))
+2
Atagozu
2018-04-30 10:27:09
брат эркек экенсин.ХХХХХХХХ
+2
admin_superstan
2018-04-30 10:45:32
Atagozu, zhigitaly,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
0
Jusupovich1989
2018-04-30 10:27:27
Азаматсын досум.ХХХХХХХХХХХХ Таш менен автоматка каршы турупсунар. Соз жок. Кравсавчик!
+3
Mavlyuda
2018-04-30 10:29:44
Баарыңыздарга рахмат колдоп жазганыңыздар жана Абдирашитке кыжалат болгонуңуздар үчүн. Кечээ түнкү 12ге чейин 2 тарап ошол жерде сүйлөшүү жүргүзгөн. Айылдын жигиттери чогулуп жыйынтыгын күтүп отурушкан түнү, бирок жыйынтык билине элек. Буюрса жакшы жыйынтык күтватавыз баарывыз үмүт менен
+4
Attila88
2018-04-30 10:37:06
ХХХХХХХХ ХХХХХХХХХ турат.
0
admin_superstan
2018-04-30 10:44:25
Attila88, порталдын эрежелерин сактаңыз!
0
Attila88
2018-04-30 10:41:34
ХХХХХХХХХХХ ХХХХХХХХ жургондордон эмес
0
admin_superstan
2018-04-30 10:48:23
Attila88, такталбаган маалыматтарды жазууга тыюу салынат!
Берилген эскертүүгө көңүл бөлбөстөн, кайталап эреже бузгандыгыңыз үчүн 3 күн БАНга!
0
azamatt.kg
2018-04-30 11:45:22
Эркексин брат
+2
nur72
2018-04-30 12:23:03
Абдрашит озуно сак бол эми унуткарып туруп башкасы бир нерсе кылып журбосун сага очошуп аман болгула
+3
Tuke8686
2018-04-30 13:17:40
nur72, ХХХХХХХХ
0
admin_superstan
2018-04-30 14:01:17
Tuke8686, улуттар арасында түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
-1
meni_kut
2018-04-30 14:09:58
nur72,эчтеке кыла албайт,эл турат Абдурашит жалгыз эмес.
+2
Pandora
2018-04-30 16:37:57
Булар кулуп туруп артындан канжар сайгандардан,Эл башчысы ынтымак сынтымак дегени менен чек арасы урушкусу эле келип турат.Кыргыздарды опузалап ит аткандай атып,силер дагы мусулмансынар аркы дуйного барганда ошол зулум,кылганынар учунда озунор жооп бересинер начальнигинер эмес.
+2
asman.81
2018-04-30 21:28:03
Саны бар сапаты жок министр,чондорду,депуттарды каш кылып чек арага жоокерлерге кошуп коюш керек,анан айлыгы аласын деп,ошондо сезишет эле,чек арабыздын акыбалын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан