9-Май - Жеңиш күнүнүн урматына президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын бир жолу берилчү акчалай төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул максатта президенттик фонддон 7 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылга карата өлкөдө согуштун 475 ардагери бар. "9-Майда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ардагерлерге, согуштун катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларына 15 000 сом өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү акчалай жөлөк пул берилет. Натыйжада бул айда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ардагерлердин ар бирине берилүүчү социалдык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 47 600 сомду, согуштун катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларына 47 400, согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине 11 200, ооруктун майыптыгы бар эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына 12 100, майыптыгы жок ооруктун эмгекчилерине 11 100 сомду түздү", - деп жазылат маалыматта.