"Президент Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигин муунтпайм деп айткан" дейт Толгонай Стамалиева

Бүгүн, 3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. Бул күнгө карата "Медиа Полиси институту", "Интерньюс", "Журналисттер", "Медиаформат" уюмдары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Анда уюмдар мамлекет башчысын сөз эркиндигинин абалын анализдеп, маалымат каражаттарын басмырлоодон коргоого даяр экенин билдирүүгө чакырышкан.

SUPER.KG порталына президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева президент Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигин муунтпай турганын билдирди. "Президент сөз эркиндиги боюнча позициясын кадамдары менен көрсөтүүдө. Өзү дагы сөз эркиндигин муунтпайм деп айткан. Бирок бардык тарап анын ичинде журналисттер жоопкерчиликтен танбаш керек", - деди Стамалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан