3-май күнү Аалымдар кеңешинин төрагасы, дин ишмери Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирген белгисиз эки адамдын огунан 21 жаштагы уулу жабыркаганы кабарланган. 7-майда Абдышүкүр Нарматов SUPER.KG'ге окуянын кандай орун алганын айтып берди. Анын айтымында, уурулардын бири качып бараткан кезде көчөдөн кармалып калган. Аны бошотуп алуу үчүн экинчиси келип травматикалык тапанчадан бир канча ирет ок чыгарган.
"Окуя болгону анык. 2-майдан 3-майга караган түнү кадимки эле адамдардын үйүнө уурулукка кирип жүргөн эки адам менин да үйүмө кирген. Алар түнкү саат 2ден баштап башка кошуналарымдын үйүнө кирип, 4:40 чамаларында менин үйүмдүн короосуна киришкен. Алардын уурулук аракеттери башка үйлөрдөгү видеокөзөмөлдөргө түшүп калган. Короого кирген кезде үйдүн алдында токтоп турган уулумдун унаасынын терезесин темир лом менен сындырып, уулумдун унутуп калган капчыгын алышкан.
Унаанын терезеси сынган кезде мен чыны же терезе сынгандай болгонун байкап, чыга калып короонун жарыгын күйгүзөрүм менен эки адам качты. Бирөөсү дубалдан көчө тарапка ашып өтүп качып кетсе, экинчиси менин үйүмдөн кошунамдын үйүнө өтүп, кайра көчөгө чыкканда артынан жетип бардым. Чыгып баратып колума чоң шыпыргынын сабы илешип калды эле аны менен бир-эки жолу чапсам жерге жыгылып калды. Артымдан уулум чыгып калды. Ал уктап жатканда апасы "атаң чыгып кетти, артынан чурка" деп ойготуптур. Уулум келгенден кийин качып кеткен ууру шеригин алып кетүү үчүн кайтып келип, биз тарапты көздөй травматикалык тапанчадан бир нече жолу желим ок чыгарды. Анын бири уулумдун бутуна тийип өткөн. Кандай учур болбосун деп уулумду доктурга алып барып көрсөттүк. Доктур бутун тазалап кайра үйгө жиберген. Болгону ошол. Милиция келип ок атылган жерден травматикалык тапанчанын төрт гильзасын тапты. Учурда ууруларды издеп жатышат", - деди Абдышүкүр Нарматов.
Дин ишмери кабар жазуу өтө жоопкерчиликтүү иш болгондуктан айрым маалымат каражаттары 3-май күнү үйүндө болгон окуяны туура эмес багытта жазып жатканын сынга алды.
"Айрым маалымат каражаттары өздөрүнө окурман топтоо үчүн "Абдышүкүрдүн уулун атып кетишти" деп туура эмес маалымат таратып жатышат. Чындыгында андай эмес, желим ок болгондуктан буту жөн гана кызарып калган. Милицияга чалып эмнеге мындай маалымат таратканын сурасам, алар "биз берген жокпуз" деп айтышты. Ислам дининде калем жана калем менен жазылган нерсе өтө маанилүү. Кээде бир калем менен бир мамлекетти өнүктүрүп же бир үй-бүлөнү бузуп коюу мүмкүн. Ошондуктан бармагың менен жазган нерсени эртең Кудай алдында өкүнбөй тургандай болуп жазыш керек", - деди Нарматов.