Токтогул районунда 7-класстын окуучусун сабаган деп мурдагы мугалим айыпталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Бала-Чычкан айылындагы орто мектептердин биринин мурдагы дене тарбия мугалими 7-класстын окуучусун себепсиз сабаган деп айыпталууда. 2018-жылдын 28-апрелинде Токтогул РИИБине аталган айылдын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү 1986-жылы туулган мурдагы дене тарбия мугалими С.Э. эч себепсиз 7-класста окуган баласын сабагандыгын жазган. Бул иш боюнча экспертиза дайындалып, окуучунун жеңил жаракат алгандыгын аныктаган.
SUPER.KG порталы жабыр тарткан баланын атасы Кубан Токтоназаровго байланышып, окуянын чоо жайын билдик.
"28-апрель күнү кечки саат 19:00 чамасында балам М.Ы. айылдын башында жумуштап жүргөн жеринен С.Э. кармап алып, башын эки жеринен жарып сабаган. Мен ошол эле күнү милицияга арыз менен кайрылгам. Бирок милиция тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок. Качан гана бул маалымат журналисттерге тарап кеткенден соң, милиция С.Э.ни издеп башташты. Кийин сабаган баланын апасы үйүмө кечирим сурап келип, 2 миң сом акча сунуштады, ага макул болгон жокмун. Себеби колу менен кылганын моюну менен тартсын. Азыр баламды Бишкекке алып барып дарыгерлерге көрсөтүп, текшерүүдөн өткөрдүк, керектүү дары-дармектерин алып бердим. Балам аябай коркуп калыптыр, азыр өзү эшикке чыгып-кире албай жатат.
Ал эми сабаган кишини милиция кызматкерлери Бишкекте жүргөн жеринен кармап кетишиптир", - деди жабыр тарткан баланын атасы Токтоназаров.
Учурда "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, С.Э. Токтогул РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат.