КҮНСЕРЕП: ЖЭБ чыры. Экс-президенттин кол тийбестигине кол салуу башталды

Бүгүн, 10-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда өкмөт башчылыктан кеткен Сапар Исаков менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча экинчи соттук отуруму өттү. Эске салсак, Матраимов Исаковду “мени негизсиз жумуштан алды” деп сотко берген. Соттук отурумда Матраимовдун жактоочусу кардарынын мыйзамсыз жумуштан кетирилгени боюнча жүйөлөрдү келтирди. Айтымында, Матраимовду кызматтан алууга өкмөт башчынын укугу жок болчу, себеби ал ооруп жатканына байланыштуу ишке чыкпай жаткан. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкер ооруганына байланыштуу жумушка чыга албай жатса, аны иштен кетирүүгө болбойт. Жактоочу Матраимов саясий кызматты ээлебегенин да айтты. “Ал мамлекеттик административдик кызматты ээлеп турган жана саясий чечимдерди кабыл алган эмес. Андыктан кызматтан алуу чечими негизсиз”, - деди адвокаты. Сөзүн жыйынтыктап жатып жактоочу Матраимовду мурда ээлеген кызмат ордуна кайра коюуну өтүндү. Соттук отурумга Исаковдун адвокаты катыша элек, өкмөттүн өкүлдөрү катышууда. Бажы кызматынын юристи Райымбек Матраимовду кызматтан бошотуу тууралуу көрсөтмөнү ведомство өкмөткө жөнөтпөгөнүн билдирсе, өкмөттүн өкүлү андай эмес деп, көрсөтмө премьер-министрдин атына келгенин айтты. Судья Алмаз Калыбаев бул карама-каршылыкты териштирүү үчүн тиешелүү документтерди алдыруу керектигин айтып кийинки отурумду 17-майга дайындады.

Эске салсак, 2017-жылы 23-ноябрда Сапар Исаков Райымбек Матраимовду "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына дал келбегени үчүн" деп Бажы кызматынын башчысынын орун басары кызматынан бошоткон. Бирок арадан 5 ай өткөн соң гана Матраимов Исаковду сотко берди. Коомчулукта сотко берүүнүн мыйзамдуулугу талаш жараткан. Себеби Эмгек кодексинин 427-беренесине ылайык, президент, Жогорку Кеңеш, премьер-министр кызматка шайланган, бекитилген же дайындалган жетекчилерди иштен бошотуу маселелери боюнча жекече эмгек талашы соттук эмес тартипте чечилет. Ушул беренеде белгиленген тартипте кабыл алынган чечимдер даттанылууга жатпайт.

Эгерде сот Райымбек Матраимовдун пайдасына чечим чыгарса, анда ага ээлеген кызматына кайтууга жол ачылат. Бирок ага чейин Матраимовго экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ага байланыштуу айткан олуттуу дооматынан да кутулууга туура келет. "Былтыр Бажы кызматындагы коррупциялык схемалардын айынан бюджетке 10 миллиард сом түшпөй калган. Мен Сапар Исаковдон бул тармактагы "серый кардиналдардын" бири "Райым миллионду" иштен айдоону сурангам. Эгер сен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кыйкырсаӊ, анда сенин жакындарыӊдын арасында эч кандай "Райым миллиондор" болбошу керек", - деген эле Атамбаев...

Бүгүн Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБи боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун укту. Анын жүрүшүндө көңүлдү бурган 2 учур болду.

Биринчиси. Депутаттык комиссиянын башчысы Улан Примов ЖЭБди жаңылоого жумшалган 386 миллион доллардын тегерегинде маанилүү жагдайды айтты. Финансы министрлиги түрдүү долбоорлорго жаңы кредиттер алынып, анын айынан мамлекеттик карыздын көлөмү жогорулап жатканын айткан. “Кыргыз өкмөтү менен Кытай Эксимбанкынын ортосундагы макулдашууга Финансы министрлиги макул болбогон жыйынтыкка карабастан документке министр Ольга Лаврова кол койгон”, - деди Примов.

Депутаттык комиссиянын башчысынын айтымында, ошол учурдагы өкмөт башчы жана министрлер макулдашууну карап жатканда инвестор менен сүйлөшүүдө Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоо үчүн жетиштүү көңүл бурушкан эмес. Ошондой эле ЖЭБди жаңылоодо сатып алынган жабдуулар, анын ичинде айтылуу “600 долларлык кычкач”, видеобайкоо камералары, лифттин баалары көтөрмөлөнүп көрсөтүлгөнүн билдирди. Буга байланыштуу депутат Кожобек Рыспаев “эмне үчүн бийликтен эч бири “эмне үчүн долбоордун баасы көтөрмөлөнүп калган” деп сурабайт?” деген негиздүү суроо салды. Рыспаевдин айтымында, кылмыш иши козголгон, бирок азыркыга чейин дайыны белгисиз Аскарбек Шадиевдин эсепчиси TBEA’нын эсепчиси болуп чыккан. Ал эми депутат Алмаз Токторов “баалар 3-4 эсеге жогорулатылып жазылган” деди. Олуттуу дооматтар коюлганы менен айныгыс далилдер айтылган жок. Эгерде депутаттардын айтканы чын болсо, анда укук коргоо органдары жакынкы аралыкта мунун артында турганды же тургандарды аныктап, кармашы керек болот...

Экинчиси. Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратууну сунуштады. КСДП бул сунушту абсурд деп, кененирээк жооп жакынкы күндөрдө берилерин билдирди. Масалиевдин айтымында, 2013-жылы май айында президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турган Сапар Исаков менен дагы бир президенттик аппараттын кызматкери болуп турган Нурсулуу Ахметова президенттин атына кызматтык кат жолдошкон. Анда ЖЭБди жаңылоого кредит алуу керектиги айтылып, кийин президент катта жазылганды аткаруу үчүн Финансы министрлиги менен Энергетика министрлигине көрсөтмө берген. “Мындай чоң кредит президентсиз чечилбей турганын баары билет. Бирок президенттин тапшырык берүүгө укугу жок болчу. Бул жерде президент кызматтык ыйгарым укуктарын аша чапты”, - деди депутат.

Сапар Исаков буга Алмазбек Шаршенович катта жазылганды аткаргыла деп буйрук берген эмес, ал карап чыгууга жөнөткөн. Катта болгону маалымат камтылган, биз кайсы бир компаниянын таламын талашкан эмеспиз” деп жооп кылды. Баарынан кызыктуусу ошол кезде энергетика министри болуп турган, азыр Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин “запискага” таянып “оюндан” чыгууга жасаган аракети болду. “Мага 24-майда президенттен тапшырма келип, ал жерде Сапар Исаковдун каты да бар болчу, ошонун негизинде орун басарым Айбек Калиев жыйын өткөрдү. Аягында Жантөрө Сатыбалдиев менен президентке “долбоор керек” деп кат жөнөттүк. Ал каттан кийин президенттен аткаруу керек деген жооп алдык”, - деди Осмонбек Артыкбаев. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев ЖЭБ боюнча президенттен оозеки да, жазуу түрүндө да тапшырма албаганын айтты.

Жогорку Кеңеш бүгүн канчалык көп “жалындуу” сөздөрдү ордунан жана трибунадан айтышпасын, бирок Бишкек ЖЭБи боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунун аягына чыккан жок. Уландысы 16-майга калды. Ток этерин айтканда, депутаттык комиссия бир гана саясий баа бере алат. Аны кийин тийиштүү органдарга иликтеп чыгышын тапшыра алат. Азырынча мунун баары ишке өтө элек сөз бойдон калууда...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан