Жантөрө Сатыбалдиевдин жалганчылыгы (аудио)

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи чуусунун парламентте көтөрүлүшү (218 материал)

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңеште парламент жыйынындагы ЖЭБге байланыштуу талкууда мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге депутат Улан Примов суроо берди. Ал суроо SUPER.KG порталына жарыяланган Жантөрө Сатыбалдиевдин маегинен улам узатылды.

"Парламентке келген депутаттардын көпчүлүгү бизнестен келген балдар. Алар иштерин ар кандай жолдор менен бүтүрүп көнгөн. Базардан келгендер баарын өзүндөй ойлой берет экен. Өткөн-кеткен чиновниктерди күнөөлөй берген туура эмес", - деп Примов маектен үзүндүнү парламенттик жыйында окуп берди.


Буга Сатыбалдиев төмөндөгүдөй жооп берди: "Журналисттер кандай кылып жазып жатканын мен колунан кармап турган жокмун. Балким, контексттен бир тамга чыгып кеткендир. Ишкерлер баарын билет, бардыгы рыноктун шартында жашаган депутаттар деп айткандырмын. Аны журналисттер кандай кылып ысытып бергенине жооп бере албаймын".

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы маектин аудиосун жарыялайт. Жантөрө Сатыбалдиев жыйында айткан сөзүндө маекте айтылганды танып кеткенин аудиодон угуп алууга болот.

Ал эми Улан Примов сөз кылган маекти толугу менен бул шилтемеден окуй аласыз.


кошулду
Жантөрө Сатыбалдиев депутаттарды “базарком” атаганын танып койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан