КҮНСОБОЛ: ЖЭБ чуусунда "эл душманы" ким же кимдер деп эсептейсиз?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун 3 күн талкуулады. Дээрлик бардык депутаттар мурдагы өкмөт башчыларга курч суроолорун берип, жыйында бир нече кайым айтышуулар да орун алды, күнөөлүүлөр да болду.

Мындан улам "ЖЭБ чуусунда "эл душманы" ким же кимдер деп эсептейсиз?" деген суроонун негизинде SUPER.KG порталы собол жүргүздү.

ТОКТОШЕВ: "Сатыбалдиев парламентте элдин көзүнчө баарын айта албай жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев лдин душмандары деп ЖЭБге бөлүнгөн акчаларды жегендер аталат" деген пикирде.

"Азыр биз, Жогорку Кеңеш, саясий баа бердик. Изилдеп укук коргоо органдарына ким күнөөлүү экенин тактагыла деп чечим чыгардык. Ал эми ким канча жегени тууралуу акыркы чекитти ошолор коёт. Териштирүүлөрдүн жыйынтыгында жогорку кызмат адамдары күнөөлүү болуп калуусу мүмкүн. Себеби чоңдор аралашмайын кичине кызматтагылар жеп алуудан коркот.

Жантөрө Сатыбалдиев бул жерде элдин көзүнчө айта албай жатат. Эртең тергөөгө барганда "ошол кишинин буйругу менен кол койгом" десе, "ошол кишиге" да жетиши мүмкүн, бирок Сатыбалдиев айтпай жатат. Ал эми тергөөгө барганда айтпаса, камалат. Ошондо камалар алдында "жок, ушул киши айтты эле" деп факт менен айтса, иштин баары башка тарапка которулат.

Депутаттык комиссиянын корутундусунда күнөөсү жоктор да, күнөөлүүлөр да бар. Чоң тизме болгон үчүн баарын кошуп коюшту. Анткени биз укуктук баа бере албайбыз. Болжол менен тизмеге 10дон ашуун адам кирди. Суракка толугу менен барышат. Ал жерден күнөөлүүсү калат, күнөөсү жогу чыгарылат”, - деди Токтошев.

САРСЕЙИТОВ: "ЖЭБ боюнча Кыргыз элинин кызыкчылыгын коргобогондор - эл душмандары"

Жогорку Кеңештин депутаты Исланбек Сарсейитовдун айтымында, бүгүнкү күндө ЖЭБдин чыры боюнча көптөгөн аткаруучулар УКМКда сурак берип жатышат.

"Андан тышкары мурдагы өкмөт башчылар да сурак беришти. Жыйынтыгында биз "мамлекеттин кызыкчылыгы корголгон жок" деген тыянакты чыгаруудабыз. Эгер депутаттар ЖЭБ боюнча депуттаттык комиссиянын жыйынтыгын колдоп берсе, анан укук коргоо органдары дыкат иликтөө жүргүзгөндөн кийин Кыргыз элинин кызыкчылыгы корголбогон болсо булар, албетте, эл душманы.

Эл душманы деп корутунду так жазылбаса да, түпкү мааниси ошого алып барат. Ар ким өзүнүн чындыгын айтып жатат. Бул жерде эч кандай тиешеси жоктор, бирок териштирүү иштерине келгенде баарын көрөбүз”, - деди Сарсейитов.

АКАЕВ: "Депутаттар убагында ЖЭБ боюнча баарын колдоп берип, эми түштөн кийин кыйкырганы туура эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев сот чечими чыкканга чейин бир дагы кызматкерди айыптагысы келбей турганын айтты. "ЖЭБге жаңылоо керек болгону баарыбызга эле маалым. Депутаттар убагында баарын колдоп берип, эми түштөн кийин кыйкырганы туура эмес. ЖЭБди жаңылоо кереги анык, бирок ошол каражаттын жумшалышы боюнча эле бөлүп караса жакшы болмок.

Сот иштери бүткөнгө чейин мен ким күнөөлүү экенин деле билбейм. Эми жыйынтыкты жакшы чыгарыш керек. Жакшы жыйынтык чыкпаса, парламент үч күндөп, төрт күндөп жыйын кура бергендин кереги жок. Ошон үчүн ошол убакта кол койгон депутат болобу, министр болобу, премьер-министрби, керек болсо президентпи, баарын четинен жоопкерчиликке тартыш керек. Ошондо кийинки бийликке келгендер уурдагандан коркуп калат.

Мамлекеттик карызыбыз 4 жарым миллиард доллар болду, анын 40 пайызы Кытайдын "Эксимбанкынан". Биздин парламенттин табияты ушундай, бийликте турганда сөз жугузушпайт. Эртең кокустан Сапар Исаков бийликке келип калса, "биз документти кайра карап чыктык, Сапар Исаковдун күнөөсү жок турбайбы, күнөө Жантөрө Сатыбалдиевде турбайбы" деп туруп 180 градуска бурула беришет. Ошон үчүн чын-чынына келгенде, ЖЭБдин ишинин аягына чыкпаса болбойт, мындан жок дегенде четинен камап, өлкөнүн акчасын кайра бюджетке түшүрүш керек”, - деди Акаев.

КАРАСАРТОВА: "Акылдуу жетекчилер эч жерге колун койбой таза болуп чыгып кетип жатышат"

Коомдук ишмер Рита Карасартова Бишкек ЖЭБи боюнча күнөөлүү жетекчилерге жаш же карыга карабай аёо болбош керектигин айтты.

"Ар бир мамлекеттик кызматка келген адистин жүрөгү мамлекет үчүн гана сокпосо, коррупция эч качан токтобойт. Дайыма эле системге шылтай берсек, анда жеке адам жоопкерчилигин кантип көтөрөт. Биз ачык айкын жасалган коррупциялык систем менен күрөшө алабызбы деген суроону туудурат. Анткени мамлекетке бир тыйын зыян келтирбеген жакта прокуратура кылмыш ишин козгоп, элдерди кыйнап жаткандарды көрүп жатабыз. Алардын ичинде мектеп директорлору, айыл өкмөттөрү бар. "Бул жерде коррупциялык систем жок го" десек, мына үтүр туура эмес коюлуп калган деп кылмыш ишин козгойт. Мунун баарын карабай койсок, бизге кечирүү жок. Маселенин баары кагаз түрүндө калат. Акылдуу жетекчилер эч жерге колун койбой коррупциялык жактардан чыгып кетип жатышат. ЖЭБ окуясы башкалар үчүн сабак болушу керек", - деди Карасартова.

ЖАМАЛДИНОВ: "Карыз алууну токтотуу керек дегенимде Алмазбек Атамбаев мени "эл душманы" деп айтып чыккан"

Депутат Зиядин Жамалдинов Кыргыз Республикасынын тышкы карызы өсүп жатканын айтып, насыя алууну токтотууга убакыт келгенин айтты. "Жогорку Кеңештин тарыхында ишин аягына чейин чыгарган депутаттык комиссия болгон эмес. Укук коргоо органдарынын жумушун Жогорку Кеңеш аткарып баштады. "Датка-Кемин" долбоору, Түндүк-Түштүк жолу, Балыкчы-Корумду жолу боюнча суроолор көп. Өлкөнүн тышкы карызы 4,5 миллиард долларга жетип калды. Насыя алууну токтотуу зарыл.

Мен 2 жыл мурун насыя албоо керектигин айтканымда, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев мени эл душманы деп айтып чыккан. Бирок ЖЭБдеги быйылкы көрүнүш эки жыл мурун туура айтканымды далилдеп жатат. Эми ким эл душманы: ууруларбы же коркунуч жөнүндө эскерткен менби? Муну аныктап чыгыш керек" - деди Жамалдинов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан