Баткен облусунун Кадамжай районунда каналдан 39 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар кабарлашты.
Алардын айтуусуна караганда, кечээ, 18-майда саат 14:00дөр чамасында Кадамжай районунун Ак-Турпак айылындагы каналдан 39 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган.
Ошондой эле тургундар табылган аялдын эмне себептен каза болгону белгисиз экенин, учурда милиция кызматкерлери иликтеп жатканын кабарлашты.
Баткен ОИИБине кайрылганыбызда, бул фактыны тастыкташты.