Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовго айыбы угузулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
"Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулду. Ал 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 11-майда Кубанычбек Кулматов УКМК тарабынан суракка чакырылган, эмне маселенин негизинде чакырылганы боюнча аталган мекеме комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал эми сурактан чыккан Кулматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Суроолор ТВЕА компаниясы грант катары берген акчага салынган мектеп боюнча болду. Башка эч кандай маселе болгон жок. Берилген каражатка Калыс-Ордо конушунда мектеп салынган. Баары мыйзамдуу болгон, балдар окуусун улантууда. Кылмыш иши козголгон эмес", - деген.
Белгилей кетсек, Калыс-Ордо жаңы конушунда курулган 86-мектепке Кытайдан алынган гранттын эсебинен 2 миллион доллар жумшалган. Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов 2 миллион доллар жетпей калып, Бишкек мэриясы 104 миллион сом бөлүп бергенин билдирген.
19-майда Кулматовдун үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн, бирок УКМК бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан.