Биз социалдык тармакта

Кубанычбек Кулматовдун үйү тинтүүгө алынганы тууралуу маалыматты УКМК четке каккан жок

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун үйү тинтүүгө алынганы жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылууда.

Маалыматка караганда, Кулматовдун үйүн тинтүү 19-майда жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетине кайрылганыбызда, басма сөз кызматынан тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат айтылбай тургандыгын билдиришти.

Эске салсак, 11-майда Кубанычбек Кулматов УКМК тарабынан суракка чакырылган, эмне маселенин негизинде чакырылганы боюнча аталган мекеме комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал эми сурактан чыкан Кулматов журналистердин суроолоруна жооп берип жатып: "Суроолор ТВЕА компаниясы грант катары берген акчага салынган мектеп боюнча болду. Башка эч кандай маселе болгон жок. Берилген каражатка Калыс-Ордо конушунда мектеп салынган. Баары мыйзамдуу болгон, балдар окуусун улантууда. Кылмыш иши козголгон эмес", - деген Кулматов.

Белгилей кетсек, Калыс-Ордо жаңы конушунда курулган 86-мектепке Кытайдан алынган гранттын эсебинен 2 миллион доллар жумшалган. Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуштун жетекчиси Сталбек Өмүрканов 2 миллион доллар жетпей калып, Бишкек мэриясы 104 миллион сом бөлүп бергенин билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан