"Алай" футболдук клубунун оюнчусу Алиа Силланын сабалышы боюнча юридикалык баа берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"20-май күнү саат 18:00 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБине Кант шаарындагы футбол ойноочу спорт аянтчасында пикир келишпестиктен коомдук тартипти одоно бузуп, бейбаштык кылып жаткандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол замат окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Учурда чогултулган материалдар кылмыш окуяларын каттоо китепчесине катталды. Мындан сырткары соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет", - дейт маалымат катчы.
Айта кетсек, буга чейин бишкектик "Алга" менен Оштун "Алай" клубдарынын ортосундагы беттештен кийин "Алайдын" оюнчусу Алиа Силла сабалганы маалымдалган.