"Майлуу-Сууда узундугу 12 метрге жеткен жылан жүрөт" деген видео тарады

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы "Майлуу-Суу дарыясында узундугу 12 метрге жеткен жылан жүрөт" деген видео интернетке тарады. Ал маалымат интернет айдыңында катуу талкуу жаратып, ар кандай суроолорду пайда кылды. Бул видео тууралуу жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөнүбүздө, алардын бири бул видео чындыкка дал келбестигин айтты.

"Бул видеодон алп жылан сууну бойлоп жургөнүн көрүүгө болот. Бирок видеону монтаждалган жана фотошоп деп айта алам. Анткени биринчиден Майлуу-Суу шаарына жакын жерде мындай жер жок жана видеодо көргөн адам өзү сүйлөбөгөндүгү ачык эле билинип турат. Ал жөн гана сүйлөп жаздырып туруп монтаж менен кошуп койгон. Анан дагы ошондой көлөмдөгү алп жыланды көргөндө адам мынчалык жанында тура албайт жана андай көрүнүштөгү чоң жылан биздин аймакта жок.

Ошондой эле Майлуу-Суу шаарында Кара-Көл деген көл жок жана Майлуу-Суу шаары тоолуу аймакта жайгашкандыктан шаар бүтөрү менен тоолор башталат. Ал тоолордун да аттары бар: Намаздык-Ата, Бел-Башат, Капчыгай, Узун-Кыр жана башка аттар менен аталат. Аталган тоолордон өткөндөн кийин чындап эле көл бар, бирок Кара-Көл эмес, Көл-Кутман-Ата деп аталат, айланасы бийик тоолор жана андан ашып өткөндө Кара-Көл шаарына түшөсүң. Ошол Көл-Кутман-Ата аталган видеодогудай жарым чөл эмес. Ал көл ушунчалык бейиштей болгон табиятта жайгашкан жана кышында аппак кар, ал эми жайында айланасы жарымы жаз, жарымы кыш болуп тура берет. Мындайча айтканда, күнгөйүндө гүлдөр өсөт, тескейинде мөңгү жатат аталган видеодогудай жарым чөл эмес", - дейт тургун.

12 метрлик жылан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
ALMAAAN
2018-05-23 16:29:45
Мен көрдүм калп экен
+1
evra_kg
2018-05-23 16:32:51
Калп башка олкодо аны жон эле запис кошуп ошентип чыгарып коюптур супер иныодон окуйм деп ойлободум эле
+3
gute
2018-05-23 16:33:33
ФЕЙК
+3
ma2as
2018-05-23 16:37:58
Перуда тартылган видео экен , оригинал видеосу журот ХХХХХХХ
+2
King_Messi
2018-05-23 16:59:01
Парагвайда тибукуари дарыясында тартылган жалган 1000 %буга коп болдуго Эми чыктыбы суперге
+3
gul-jana2
2018-05-23 17:11:10
Ай, алтындарым! Супер ошо силерге окшогон, мага окшогондор жон эле дурбобосун, бул Кыргызстанда эмес окурмандар, бул монтаж дегенди жазып тушундуруп атат. Тазза эле акылдуу болуп кеттинер го. Билип атабыз фейк экенин. Просто интернетте ишенип алып дурбоп атышкандар бар экен башка сайттарда. Кудддайым ааай.
+5
sirgak_92
2018-05-23 17:25:14
Мындай жыланды көрсө тартып аткан киши ч...п жибермек
+3
bond02
2018-05-23 17:58:37
болсо атып албайт беленер ошол жыланды.
+1
Muslim1990
2018-05-23 18:10:44
Бул монтаж.Оригинал видеосун кэчее эле коргом.
+1
altyn11
2018-05-23 19:10:00
Жалган бул монтажго жанында чуркап жургон жигитердин уну угулбайт эчкандай тартылгандын далили жоктой.
+1
aerforce
2018-05-23 19:42:46
ой бул башка мамлекетте башка тилде сүйлоп жатат кытайчабы филипинчеби
+1
azim14
2018-05-23 21:20:50
Кабырдагы жыландардын жанында бул жылан эч теке эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан