Санавиацияга муктаж беле же ал чиновниктин тууганыбы? Интернетте чиновник Кочкорго санавиацияны себепсиз чакыртты деген пост талкууланууда

Социалдык тармактардын колдонуучулары Эсеп палатасындагы чиновниктердин биринин жоругун сынга алууда. Буга Нурзат Жумалиева аттуу колдонуучунун билдирүүсү себеп болду. Жумалиева өзүнүн билдирүүсүндө Эсеп палатасында иштеген аял жөн гана өзүнүн баркын көрсөтүү үчүн Кочкор районундагы тууганына санавиацияны чакырганын жазган.

"Санавиация менен Кочкор райондук аймактык ооруканасына бардым. Тапкылачы, бейтап чын эле реаниматологдордун жардамына муктаж болгонбу же ал чиновниктин тууганыбы? Жакында кызмат абалынан пайдаланып санавияцияны жана дарыгерлерди өзүнүн туугандары үчүн колдонгондордун фамилиясын жарыялайм. Анан дагы дарыгерлер жумуштан кийин үйүндө отурган учурда чакыртышканычы. Эмгек үчүн эч нерсе төлөнбөйт. Сегиз сааттык убакыт Эсеп палатасындагы чиновниктин биринин кызыкчылыгы үчүн коротулду. Тим эле көзүмдөн жаш чыкканча ыза болдум. Болбогон эле нерсе үчүн бизди качанкыга чейин колдоно беришет. Бул убакыт ичинде биздин санавиацияга чынында эле муктаж болуп жаткандар болушу мүмкүн да. Мүмкүн кимдир бирөөнүн баласы же апасы... Эмнеге жөнөкөй адамдарга чиновниктердин айынан санавиация жетишпейт", - деп жазган Жумалиева.

Анын билдирүүсүнө ылайык, бейтапты Кочкор райондук ооруканадан Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө алып келишкен. Бирок реаниматологдорду чакырууга эч кандай себеп болгон эмес.

Бул билдирүү колдонуучулардын кызуу талкуусун жаратты. Көпчүлүгү өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлоп, мамлекеттик кызматтарды каалагандай калчап жүргөн чиновниктердин аты-жөнүн коомчулукка жарыялоо туура деп эсептешерин билдиришкен.

Дагы бир колдонуучу (ред. Elzar Эльзарыч деп катталган) өзүнүн кесиптешинин бул кадамын туура деп сыпаттап, мындай көрүнүш тууралуу коомчулукка үн катпай коюуга болбостугун жазган. Ал санавиацияны чакыртты делген аялдын аты-жөнүн да жазып, чиновниктер тарабынан кызматтык абалын пайдаланган учурлар көп эле болорун белгилеген.

Эсеп палатасы бул билдирүүдө аты-жөнү жазылган кызматкер ошондой кадамга барганбы же башкабы азырынча тастыктай элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан