Талас районунда ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Талас районунда кечээ, 23-май күнү саат 16:00дөн 17-00гө чейин ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Кара-Суу айылында 1 үйдүн 25 даана шиферин, Долоно айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 13 даана шиферин, 7 турак үйдүн 184 даана шиферин жана айыл өкмөттүн имаратынын 65 даана шиферин учуруп кеткен. Кырсык болгон жерге ӨКМнын Талас райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.