Кыргыз өлкөсүндө алтын казган "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев 27-майда тергөө абагынан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алганын Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Тулекеев 27-майда сот залынан бошотулган. "Сотто тийиштүү материалдар каралып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы сөз сүйлөдү. Андан сырткары тийиштүү тараптарга да сөз берилди. Тулекеевдин буга чейин соттолбогондугун эске алып, ал "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын салык кызматына 55 миллион сом төлөп берүү боюнча кепилдик катынын негизинде бошотулду. Калган ишти ЭККК жүргүзөт. Нааразы тараптар шаардык сотко кайрылса болот", - дешти Жогорку Соттон.
Айта кетсек, 26-майда Ильяс Тулекеев "Манас" эл аралык аэропортунда кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ал салык катары төлөнчү 50 миллион сомдон ашык акчаны жашырган деп айыпталган.
Аталган компания өлкө аймагында "Казахмыс Голд Кыргызстан" деген аталышта 2007-жылдан бери иштеп келет. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Бозумчак аймагынан алтын, жез казуу менен алектенет. Компания 2015-жылдын 31-октябрында "KAZ Minerals Bozymchak" болуп өзгөргөн. Ильяс Тулекеев "KAZ Minerals Bozymchak" жоопкерчилиги чектелген коомун түзүлгөндөн бери жетектеп келет.