Өзгөндө ээн калган үйдө бети-колун белгисиз жаныбар тиштеп кеткен адамдын жансыз денеси табылды

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы үйлөрдүн биринин жанынан белгисиз жаныбар тиштеп салган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 9-июнда SUPER.KG'ге Ош ОИИБинин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады. Анын айтымында, маркумдун сол колун жана башын белгисиз жаныбарлар тиштеп салышкан.

"8-июнь күнү кечки саат 17:10 чамаларында Зергер айыл аймагындагы үйлөрдүн биринин артында белгисиз адамдын жансыз денеси жатканы боюнча маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барып болжолдуу түрдө 40-45 жаштардагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Ал үйдө эч ким жашабагандыктан маркумдун жансыз денеси 3-4 күндөй убакыт туруп калган. Бет маңдайы менен жаткандыктан сол колун жана башын белгисиз жаныбарлар тиштеп салышыптыр. Азырынча жергиликтүү тургундар тааныбай жатышат. Мүмкүн башка жактан келген. Артына рюкзак асынып алган экен. Бирок денесин алдын ала кароодо киши колдуу болушунун белгилери көрүнгөн жок", - деди Ашырбаев.

Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
balykchy2012
2018-06-09 16:56:19
Аллахым өзүң мээрүмдүүсүң, өзүң рахматыңа ал.!
+30
AzKumFerDan
2018-06-09 17:21:46
Кандай жаныбар тиштеди экен.?эмне болду деги ???
+9
sakuna
2018-06-10 00:01:07
Ким болду экен эми?
Таалган тагдырда деле Т.М; А.С( ж.б) аттуу киши деп эле коюшатко.
+4
nurhan2702
2018-06-10 10:17:23
Рюкзак асынган болсо 40жаштагы эмес жаш бала болуш керек
0
Krai
2018-06-10 13:26:13
Рюкзак асынып алган болсо башка жактан келе жаткан адам го
+1
aiturgasha
2018-06-10 13:35:56
Ушинтип, адамдын жансыз денеси табылды деген маалыматтар жаман кобойду. Жакын тууганын телефонун албай же кабарын бир азга укпай калсан эле кабатыр болуп, журок тушо турган заман болуп калды.

Элдер тааныбай атса иностранецтер эмеспи. Обычно ошолор рюгзак асынып журотго.
+3
Soni130587
2018-06-10 20:55:29
Бул биздин коншу айылда болуптур белгисиз маркум бир жумага жакын жатып жыттанып кетиптир ошол айылда бир адам агородторун карап журуп таап алыптыр.
0
Janna07
2018-06-10 21:17:28
Ит тишьнгенда, белгисиз жаныбар дейсинерда супер, как буддо токойдон табылгандай
-1
raykray
2018-06-11 19:15:31
Janna07,менде белгисиз жаныбар дегенине тан калдым?! Ошондо адамда тиштеген жаныбарды белгисиз!!!
+1
kutlibek
2018-06-11 00:44:16
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, маркум чабан же курулуш иштеринде иштеген. Анын рюкзакгынан курулуш шаймандары чыкты дейт. Беттерин, колдорун курт-кумурска жеп салган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан