Чычкан капчыгайындагы жол кырсыгынан улам каза болгон келиндин жана анын баласынын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Каза болгон келин Ош облусунун Ноокат районунун Капчыгай айылынын тургуну 31 жаштагы М.З. болгон. Ал эми анын уулу Жуманазар 2 жашта. Каза болгон келин жолдошу менен Токмок шаарында жашап жүрүп, кырсык болгон күнү Ноокат районундагы туугандарынан кабар алуу максатында жолго чыккан.Учурда маркумдун сөөгү жакын туугандарына өткөрүлүп берилди", - деди маалымат катчы.
Эске салсак, 26-июнь күнү саат 03:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун Өрүктү тилкесинде Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 26-июнь күнү саат 06:35те ӨКМнын Токтогул райондук №97-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер тартылып унааны суудан чыгарганда 1 адамдын жансыз денеси унаанын ичинен табылган. Ал эми экинчи адам изделип жаткан. Ал эми унаа Бишкектен Ошко бара жатканы маалым болгон. Ошондой эле кырсыкта каза болгон келиндин аты-жөнүн жана уулунун жакындарын табууга милиция кызматкерлери жардам сурап кайрылган.