Португалиялык футболчу Криштиану Роналду италиялык "Ювентус" футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу "Реал Мадрид" футболдук клубу социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Маалыматка ылайык, 33 жаштагы футболчу менен "Ювентус" футболдук клубу ортосунда 4 жылдык келишим түзүлдү. Италиялык клуб Роналду үчүн "Реал Мадридге" 112 миллион евро төлөдү.
Айта кетсек, Криштиану Роналду "Реал Мадрид" клубуна 2009-жылы өтүп, ушул убакытка чейин 15 трофей жеңгенге үлгүргөн. Алардын ичинде Чемпиондор Лигасынын 4 кубогу бар. Андан тышкары, "Алтын топтун" 5 жолку ээси төртөөнү "Реалдын" курамында алган.