Франция - Дүйнө чемпиону. Дидье Дешам 20 жылдан соң кайрадан командасына чемпиондукту алып келди

Бүгүн, 15-июлда Орусиянын Москва шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун акыркы-финалдык беттеши орун алат. Анда "Лужники" стадионунда Франция менен Хорватия курамаларынын беттеши өтөт. Беттештин башкы калысы аргентиналык Нестор Питана болот.

Айта кетсек, кечээ, 14-июлда Дүйнө чемпиондугунун коло медалдарынын ээси аныкталган. Анда Бельгия курамасы Англияны 2:0 эсебинде утуп, коло байгени тагынган.

20:48. Учурда Германия курамасынын мурунку капитаны Филипп Лам менен модель Наталья Водянова оюн талаасына Дүйнө чемпиондугунун Кубогун алып чыгышты. Командалар бир нече мүнөттөн кийин оюн талаасына чыгышат.

20:50. Франция курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Уго Льорис ("Тоттенхэм", Англия).
  • Коргоочулар: Лукас Эрнандес ("Атлетико", Испания), Бенжамен Павар ("Штутгарт", Германия), Самуэль Юмтити ("Барселона", Испания), Рафаэль Варан ("Реал Мадрид", Испания);
  • Жарым коргоочулар: Блез Матюиди ("Ювентус", Италия), Поль Погба ("Манчестер Юнайтед", Англия), Н'Голо Канте ("Челси", Англия).
  • Чабуулчулар: Оливье Жиру ("Челси", Англия), Антуан Гризманн ("Атлетико", Испания), Килиан Мбаппе ("ПСЖ")..
  • Башкы машыктыруучу: Дидье Дешам (Франция).

20:52. Хорватия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Даниел Субашич ("Монако", Франция).
  • Коргоочулар: Домагой Вида ("Бешикташ", Түркия), Иван Стринич ("Сампдория", Италия), Деян Ловрен ("Ливерпуль", Англия), Шиме Врсалько("Атлетико", Испания),
  • Жарым коргоочулар: Лука Модрич ("Реал Мадрид", Испания), Иван Ракитич ("Барселона", Испания), Марцело Брозович("Интер", Италия).
  • Чабуулчулар: Марио Манжукич ("Ювентус", Италия), Иван Перишич ("Интер", Италия), Анте Ребич ("Айнтрахт", Германия).
  • Башкы машыктыруучу:Златко Далич (Хорватия).

20:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Франциянын гимни жаңырды.

20:57. Хорватиянын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.

21:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Хорватия курамасы топту оюнга кошту.

21:01. Лука Модрич атаандашын жыгылтып, калыс эреже бузууну каттады. Топ франциялыктарда.

21:02. Модрич Эрнандеске каршы оюн эрежесин бузуп, франциялыктар позициялык чабуулун улантат.

21:03. Хорватиялыктар атаандашынан топту тартып алып, дароо тез чабуулга чыкканга аракет кылды. Бирок франциялык коргоочулар мыкты ойноп, топту оюн талаасынан сырткары чыгарып салды.

21:04. Хорватиялыктар атаандашын жогорку кысымга алып, аларга чабуулга чыгууга мүмкүнчүлүк бербей жатат.

21:05. Анте Ребич оң канаттан тез чабуулга чыгып, айып аянтчадагы Манжукичке топту чыгарып берди. Бирок коргоочулар мыкты оюн көрсөтүп, топту оюн талаасынан чыгарып салды.

21:06. Стринич сол канаттан айып аянтчага кирип келип, өнөктөштөрүнө топту чыгарып берүү аракетин көрдү, бирок Мбаппе топту оюн талаасынан чыгарып салды. Хорватиялыктар топту бурчтан чыгарат.

21:07. Модрич топту айып аянтчадан чыгарып, ийгилик жарата алган жок.

21:08. Поль Погбага каршы оюн эрежеси бузулуп, франциялыктар топту стандарттык абалдан оюнга кошот.

21:09. Брозовичтин айып аянтчага чыгарган тобуна алгач Юмтити жетип, топту айып аянтчадан чыгарганга үлгүрдү.

21:10. Ракитич Перишичке айып аянтчага чыгарып берүү аткарып, Перишич топту кабыл алган жок.

21:11. Франциялыктар топту өзүнүн карамагына өткөрүп, дароо чабуулга чыгуу аракетин көрдү, бирок алардын чабуулу азырынча ийгилик жараткан жок.

21:12. Оливье Жиру айып аянтчага чыгарылган топко жетишпей калып, жакшы мүмкүнчүлүктү коё берип жиберди.

21:13. Иван Перишич айып аянтчага чыгарып берүү жасап, таамай боло албай калды.

21:14. Перишичке каршы орой оюн орун алып, бирок калыс эреже бузууну каттаган жок.

21:15. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Хорватия - 60 пайыз, Франция - 40 пайыз.

21:16. Хорватиялыктар оюн эрежесин бузуп, Франция курамасы кооптуу айып сокку аткарат.

21:17. Г-о-о-о-о-о-о-л! Айып соккуну Гризманн аткарды. Айып аянтчага көтөрүлгөн топту Манжукич өз дарбазасына багыттап, автогол киргизди. Эсеп 1:0.

21:18. Хорватиялык футболчуга каршы оюн эрежеси бузулуп, алар айып сокку аткарат.

21:20. Айып соккуда багытталган топту Вида дарбазага багыттап таамай боло алган жок.

21:22. Павар атаандашына каршы оюн эрежесин бузуп, хорватиялыктар айып сокку аткарат.

21:23. Айып соккуну Модрич аткарды. Анын айып аянтчага чыгарган тобун Льорис кайтарганга жетишти.

21:24. Ракитич жакшы мүмкүнчүлүктү колдоно алган жок. Ал айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, таамай боло алган жок.

21:25. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Хорватия - 59 пайыз, Франция - 41 пайыз.

21:26. Перишич тез контр-чабуулга чыгып, ага карата оюн эрежеси бузулду. Анын натыйжасында Юмтити айып кагазы менен белгиленип, хорватиялыктар айып сокку аткарат.

21:27. Г-о-о-о-о-о-о-л! Эсеп 1:1 Перишич айып аянтчанын ичинен Ракитичтин чыгарып берүүсүн кабыл алып, кубаттуу соккусу менен Льориске тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.

21:29. Килиан Мбаппе командасынын чабуулун улантып бара жаткан маалда калыс офсайд абалын каттады. Топ хорватиялыктардын карамагында.

21:30. Ракитич Перишичти чабуулга чыгарып, Перишич топко жетишпей калды. Эми чабуулда франциялыктар.

21:31. Соккулар боюнча статистика: Франция 0, Хорватия 3.

21:32. Франциялыктар позициялык чабуулун аткарып, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алышты.

21:33. Бурчтан чыгарылган топту Матьюди дарбазага багыттап, таамай боло алган жок. Топ хорватиялык коргоочунун колуна тийип калды.

21:34. Аргентиналык калыс видео-кайталоо системи менен колдоно турган болду. Анын жыйынтыгында калыс пенальти коюшу мүмкүн.

21:35. Калыстын чечими пенальти болду. Франциялыктар хорватиялыктардын дарбазасына пенальти аткарат.

21:36. Пенальтини Антуан Гризманн аткарат.

21:37. Г-о-о-о-о-о-о-о-о-л! Эсеп 2:1. Гризманн топту сол бурчка багыттаса, Субашич оң бурчка секирип топтун багытын туура таба алган жок.

21:38. Хорватиялыктар топту оюнга кошуп, дароо чабуулга чыгышты.

21:39. Лукас Эрнандес оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды. Топ хорватиялыктардын карамагында калды.

21:40. Эреже бузуулар боюнча статистика: Франция - 6, Хорватия - 6.

21:41. Кайрадан франциялыктар оюн эрежесин бузду. Айып соккуну Модрич аткарат.

21:42. Деян Ловрен Модричтин чыгарып берүүсүнөн кийин сокку узатты. Бирок топ коргоочуларга тийип, оюн талаасынан чыгып кетти. Хорватиялыктар топту бурчтан чыгарат.

21:43. Бурчтан чыгарууну Ракитич аткарып, франциялык коргоочулар мыкты оюн көрсөтүп. Кооптуу абалды жокко чыгарышты.

21:44. Ракитич Поль Погба менен топ талашууда үстөмдүк кылып, дагы бир жолу топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды.

21:45. 1-таймдын негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 3 мүнөт кошуп берди.

21:46. Ракитич топту бурчтан чыгарып, бирок ал ийгиликтүү болгон жок.

21:47. Стринич Мбаппеге каршы оюн эрежесин бузуп, топ франциялыктардын карамагына өттү.

21:48. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аягына чыкты. Азырынча 2:1 эсеби менен Франция курама командасы алдыда келе жатат.

22:03. Нестор Питана 2-таймга старт берди. Тыныгуудан кийин командаларда алмашуу орун алган жок.

22:04. Хорватиялыктар оң канаттан чабуулга чыгып, Врсалько айып аянтчага чыгарып берүү жасады. Бирок Льорис чеберчилигин көрсөтүп топту тосуп алды.

22:05. Перишич айып аянтчадан Ракитичтин чыгарып берүүсүн кабыл алып дароо сокку узатканга жетишти. Ал эми Льорис дарбазасын сактап калды. Хорватия топту бурчтан чыгарат.

22:06. Хорватиялыктар бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен ийгиликтүү колдоно алган жок.

22:07. Манжукич дарбазачы менен бетме-бет кез келип, сокку узатканга жетишпей калды. Льорис айып аянтчасынан чыгып, топту тартып кетти.

22:08. Модрич айып аянтчага чыгарып берүү жасап, командасына бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди. Бурчтан чыгаруу натыйжалуу болгон жок.

22:09. Хорватиялыктар топко көбүрөөк ээлик кылып, атаандаштарын жогорку кысымга алууда.

22:10. Мбаппе оң канаттан контр-чабуулга чыгып, айып аянтчанын ичинен сокку узатты. Бирок Субашич мыкты оюн көрсөтүп топту кайтарганга жетишти.

22:11. Кызыктуу окуя! Оюн талаасына күйөрмандар чуркап чыгып калыс оюнду убактылуу токтотту.

22:12. Франция курамасында алмаштыруу орун алды. Анда Н'Голо Кантенин ордуна оюнга Стивен Н'Зонзи кошулду.

22:13. Мбаппе талаанын орто бөлүгүндө топту алдырып жиберип, анын атаандаштары тез контр-чабуулга чыгышты. Бирок хорватиялыктар бул чабуулда ийгилик жарата алган жок.

21:14. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Хорватиялыктар - 60 пайыз, Франция - 40 пайыз.

22:15. Перишич айып аянтчанын ичине кирип өнөктөшүнө топту чыгарып берүү аракетин көрдү. Бирок анын чыгарып берүүсү таамай болбой топ франциялыктардын карамагына өттү.

22:16. Г-о-о-о-о-о-о-л! Эсеп 3:1. Франциялыктар контр-чабуулга чыгып, Антуан Гризманн топту Погбага чыгарып берди. Погба дароо узаткан соккусун коргоочулар кайтарып, экинчи мүмкүнчүлүгү менен Погба эсепти алмаштырды.

22:18. Франция курамасы чабуулга чыгып, Жирунун Гризманнга багытталган чыгарып берүүсүн Брозович оюн талаасынан чыгарып салды.

22:20. Франциялыктар топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып, аны менен ийгиликтүү колдоно алган жок.

22:21. Бурчтан чыгаруу боюнча статистика: Хорватия - 6, Франция - 2.

22:22. Г-о-о-о-о-о-л! Эсеп 4:1. Килиан Мбаппе айып аянтчанын сыртынан таамай сокку узатып, Субашич топту тосуп алганга жетишкен жок.

22:24. Хорватиялыктар оюн эрежесин бузуп, калыстын ышкырыгы жаңырды.

22:25. Г-о-о-о-о-о-о-л! Эсеп 4:2. Манжукич Льористин катачылыгы менен колдонуп эсеп санын өзгөрткөнгө жетишти.

22:27. Хорватия курамасында алмаштыруу: Крамарич Анте Ребичтин ордуна оюн талаасына чыкты.

22:29. Талаанын орто бөлүгүндө Юмтити менен Манжукич кагылышып, оюн убактылуу токтотулду.

22:30. Франция курамасында оюнчу алмаштыруу. Матьюди оюн талаасынан кетип, Корентен Толиссо оюнга кошулду.

22:31. Марио Манжукич азырынча талаанын сыртында медициналык жардам алууда.

22:32. Хорватия курамасы топту өзүнүн карамагына өткөрүп, атаандашын жогорку кысымга алууда.

22:33. Шиме Врсалько алыскы аралыктан сокку узатып, таамай болгон жок.

22:34. Хорватия курамасы дагы эле топко ээлик кылып, чабуулга чыгууда.

22:35. Ракитич алыстан сокку узатып, топ коргоочуга тийип талаадан сырткары чыгарып салды. Бирок калыс аны байкабай калды, бурчтан чыгаруу орун алган жок.

22:36. Соккулар боюнча статистика: Хорватия - 13, Франция - 7.

22:37. Килиан Мбаппе жалгыз чабуулга чыгып, топту жоготту. Ал айып аянтчага кирип келгенде Вида топту тартып алды.

22:38. Франция курамасында оюнчу алмаштыруу. Оливье Жирунун ордуна Фекир оюн талаасына чыкты.

22:39. Хорватия курамасында да оюнчу алмаштыруу. Иван Стриничтин ордуна Марко Пьяца оюнга кошулду.

22:40. Марко Пьяца айып аянтчадан топту тосуп алганга жетишпей калды. Мыкты мүмкүнчүлүктөн хорватиялыктар колдоно албай калды.

22:41. Ракитич айып аянтча чыгарып берүү аткарып, аны Льорис тосуп алды.

22:42. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Хорватия - 61 пайыз, Франция - 39 пайыз.

22:43. Ракитич Фекирге каршы оюн эрежесин бузуп, франциялыктар топту стандарттык абалдан оюнга кошот.

22:44. Фекир алыскы аралыктан сокку узатып, таамай болгону менен Субашич топту тосуп алганга жетишти.

22:45. Соккулар боюнча статистика: Хорватия - 14, Франция - 7.

22:46. Ракитич алыстан сокку узатып, таамай боло албай калды. Топ дарбазадан бир топ алыс өттү.

22:47. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс дагы 5 мүнөт кошуп берди.

22:48. Погба контр-чабуулдан айып аянтчага кирип сокку узатканга жетишпей калды.

22:49. Врсалько Гризманнга каршы оюн эрежесин бузуп сары айып кагасы менен белгиленди.

22:50. Погба жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болуп, бирок аны менен ийгиликтүү колдоно албай калды.

22:51. Перишич Погба менен топту талашып, франциялык оюнчу мыктыраак болду. Топ франциялыктардын карамагында.

22:52. Калыстын ышкырыгы жаңырып Франция курамасы 4:2 эсебинде жеңишке жетти.

22:53. Муну менен Франция курама командасы футбол тарыхында 2-жолу Дүйнө чемпиону аталды.

23:05. Франция курамасы жеңишине сүйүнүп жатса, Хорватия командасы ыза болууда. Азырынча командалар сыйлоо аземине даярдык көрүүдө. Бул Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду Франция курамасы, 2-орунду Хорватия, 3-орунду Бельгия жана 4-орунду Англия курамасы ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (51)
Altynbek-kg
2018-07-15 22:57:24
Субачич болгудай эмес .
0
Jelezo
2018-07-15 22:59:07
Хорваттар жакшы ойнодуңар бирок балама уят кылдыңар утулуп
-1
monster_high_98
2018-07-15 23:00:11
Айтпадым беле Франция чемпион
+2
Syimyk.isaev
2018-07-15 23:00:20
Франция жакшы ойноду
+1
Alinur
2018-07-15 23:13:19
Францияны чемпион болушу менен куттуктайбыз!
+1
Aikaaaa
2018-07-15 23:18:48
КТРК Спорт каналына рахмат. Түз эфир кылып берип атканына
+3
nazi25
2018-07-15 23:36:56
Жамгыр төктү го
0
Modric10
2018-07-15 23:41:19
2 оюндан 5000 руб.бул жагы окей болду
0
Guldoijan
2018-07-15 23:49:30
Болдубу бүттүбү футбол эми тынч уктайбызбы
+4
ruslanz
2018-07-16 00:21:04
Хорватиянын президенти жонокой жакшы адам экен.
+3
Water
2018-07-16 00:29:11
Француздар чындыгында кыйын экен, аттай чуркашып. Хорваттарды оной эле женип коюшту!
+2
Aikaaaa
2018-07-16 00:38:16
Хорваттар да азамат. Билинбей жүрүшүп, ушунча деңгээлге чыгып, көрүнүп коюшту
+1
Water
2018-07-16 01:21:35
Aikaaaa,басылып кетти. Оа туура оюнга катышкандын озу эле жениш!
+3
jaskaaa
2018-07-16 01:48:19
Мен журогум Франция утат деп жаткан.
0
Potriot.KGstan
2018-07-16 02:22:18
Айтпадым беле ФрАнЦиЯ женишке жетет деп!!!
0
mirkaa5182
2018-07-16 10:50:24
Хорватиянын дарбазачасы начар ойнойт экен, болбосо Хорватия утат болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан