Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев суу менен камсыздоо кызматынын баасын кайра карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу 23-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Премьер-министр "Ала-Тоо булагы" программасын ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешмеде ичүүчү суу боюнча маселелерге токтолду.
"Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өкмөт өлкөнүн ар бир жашоочусун суу менен камсыздоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Буга чейин "Таза суу" программасын ишке ашырууда кетирилген каталар кайталанбашы керек жана суу менен камсыздоо кызматынын баасын кайра карап чыгуу керек.
Суунун бир куб метри - бул миң литр, Бишкектин бир жашоочусу үчүн 5 сом 38 тыйын, ошол эле учурда өздүк наркы 7 сом 70 тыйын. Желим бөтөлкөдөгү 1 литр суу 20 сомдон ашык турат. Мындай болбошу керек. Калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде биз жер-жерлерде суу менен камсыздоо тутумун жакшыртууну кааласак, анда сөзсүз бааларды кайра карап чыгуу кажет. Чогултулган каражаттар өлкөнүн бардык аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн инфраструктураларды түзүүгө жана кайра калыбына келтирүүгө жумшалат", - деди өкмөт башчы.
Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилеп көрсөткөндөй, өлкө калкы ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүнүн маанисин билиши керек.
"Биздин республика таза сууга бай. Өлкөбүздө суу менен камсыздоонун баасы эң төмөн. Суу – бул баа жеткис байлык, аны ар бирибиз сакташыбыз керек", - деди Абылгазиев.