Ырчы Ильяс Кудретов жубайы менен ажырашты

"Өмүр, ай", "Жайна" жана башка ырлары менен таанылган ырчы Ильяс Кудретов жубайы менен ажырашты. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына айтып берди.

"Келинчегим Нурзада 22 жашта. Экөөбүз чогуу түтүн булатканыбызга 2 жылдан ашты. Ортобузда 1 жаштагы кызыбыз бар. Экөөбүздүн ажырашуубузга кызганыч же менин чыгармачылыгым деле себеп болгон жок. Келинчегимдин мага кылган мамилесинен, "сага эмнеге тийдим экен" деген сөздөрүнөн улам чырдашып келе жатканбыз. Ата-энем дагы кеңешин берген. Бирок чырыбыз бүтпөй койгондуктан "эми өзүңөр чечкиле" деп эркибизге койду. Кызыбыз үчүн жашайлы десем жубайымдын жашагысы жок", - дейт ырчы.

Маалымат үчүн: ырчы Ильяс Кудретов 1992-жылы 17-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында төрөлгөн. Жеке ырчы катары чыкканга чейин "Добулбас" тобунда ырдап жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
baihan07kenjetaev
2018-07-31 13:45:15
Өзүңөрдүн жашооңорду карагылачы бирөөгө сын такканды коюп, жашоодо аркандай болот телегейи тегиз эчким жок. Карочее кыскылачы.
+3
Meni_unut
2018-07-31 14:00:04
Сага аял ага куйоо табылат, бирок кызына ата эне табылбайт.Ойлонгула
+8
Azat.97
2018-07-31 14:06:27
Ажырашсан не айтасын бизге эми
+8
Talant_27
2018-07-31 14:09:33
Кудайга жакпаган нерсе Бул ажырышуу)))
+7
Ayida
2018-07-31 14:18:25
Аялы озунчо сулуу болгон киши болуп менсинбей уруш чыгарса. Аны ачык айтып атса куйоосу эмнеси жаман?Сурап атат супер инфо жооп берип ататда. Азыр ушундай аялдар толтура.эркеги улуу создун уяты тошоко чакырса болбой бой которуп кыйынсынышат.Анан 2 чи аял алып алса сууга тушкон мышык болуп калышат.Суйбоймун сага неге тийдим экен дегенди унутуп суйот болчумун деп чыгышат.Эркеке куноо койот сен жакшы мамиле кылганда ошондо мен да сага неге тийдим деп айтпайт элем деп лоолу болот. Кетем деп коркутат
-3
Ayida
2018-07-31 14:23:03
Эркектерге айтаарым эч качан аялга сырынды айтпа суйуп олуп атсанда.Жана аял козуну карап жашаш учун акча карматпа!Акылдуу жан болсо мейли. Акылсыз женил ойлуу туугандарыны апаны жактырбаган аялга вообще карматпа.Акча таап иштеп уй машина баары болуп турсан Аялыны балдарыны багып атсан жетет ошол.Машина алып берип акча карматсан куйдун женил жаман аялдан уккан созун не кылып жыргаттын дейт. 99 койнок алып берип 1 койнок алып бералбай калсан омуру жыргатпадын койнок алып бербедин нормальный дейт
+2
Ayida
2018-07-31 14:23:46
Мисалы менин башыман отту.Ошентип суйлоп эми окунуп атам
0
Ayida
2018-07-31 14:27:39
Аялдарга сабак болсун!Аялдар акча кармап озунун бизнеси болгон кундода куйоого жаман мамиле кылбаш керек!Сени суйбой калдым неге тийдим деп айтпаш керек!Себеби назик жанбыз назик бойдон калышыбыз керек!Сен ылайыксын ошол эркеке Кудайым кошту.Андан жакшысын ни когда таппайсын!Себеби башка ойундагы жакшы адамга сен ылайыктуу эмессин!
+5
Tyty1990
2018-07-31 14:46:37
Атың чыкпаса, аялың менен ажыраш
+8
Aisle
2018-07-31 15:50:54
бир уй-було бузулуп атса жон эле табалайсынарго силерди Аллах озу кечирсин
+1
Nanei
2018-07-31 17:33:06
Не болсо да байкуш аял куноолу,ойдонку темада кайын журту жабылып олтуруп койгон келинди деле кайненеси болгончо жамандаптыр,бир кымындай жакшы соз айтып койбоптур капырай
+4
Pchelka85
2018-07-31 19:51:52
Nanei, кыргызда бир жакшы соз бар го "кеткен келин -жаман" деген)).
+3
Nanei
2018-07-31 17:35:26
Озун кандай мамиле кыллын эле келинчегине,ошону айтып кетпесин
+5
Tiken
2018-07-31 23:51:54
Торкунго качпай торго качкан келиндер азыр жок го азыр... Бир нерсе болсо болду энесинин уйуно тошогун жыйнап алып жоноп калышат. Куйоого чыгып жатканда кимге тийип жатам деген суроону ар Бир кыз озуно бериш керек.
0
Pandora
2018-08-01 10:51:48
Сен аялындан кандай мамиле кутсон,биринчи ошол мамилени озун жасап андан кийин андан талап кыл!!!
Тороттон кийинки депрессияда жургондур
+2
deva
2018-08-02 10:25:28
Боюнда бар кезде, бала менен үйдө отурган кезде келиндердин көпчүлүгү депрессияда болушат. Ошону көтөрүп койсоң эле бул күндөр өтүп кетмек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан