Премьер-министр Бишкектин мэрлигине талапкер сунуштабайт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер сунуштабайт. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

26-июлда Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрликке талапкер кылып көрсөткөн. Шаардык кеңештеги "Республика-Ата Журт" оппозициялык фракциясы талапкер сунуштабай турганын билдирген.

Азиз Суракматов бүгүн мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырды.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан