"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Тарбиячы: "Тайпалашы тиштеп салган кыздын дарылануусуна жардам берүүгө даярбыз"

"Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына окурман "Кызымды бала бакчадан тайпалашы 15 жеринен тиштеп салып, ооруканада дарыланып жатабыз" деген билдирүүсүн жөнөткөн.

Аталган окуя боюнча менчик бала бакчанын тарбиячысы Назира Айдашовага байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Тайпалашы 15 жолу тиштеп салган кыз менин тобумда тарбияланат. Ал топтун эң кенжеси. Мындан 1 ай мурда Үмүт аттуу келин "3-4 жерде иштейм. Жолдошум менен ажырашып кеткенбиз. Кызымды 9 айында эле бала бакчага алып баргам. Бирок буга чейинки бала бакчадан кызым башы менен кулап түшкөн, тарбиячысы эмне болгонун айтпай койгон" деп кайрылган.

Боорубуз ооруп кичинекей болсо дагы макул болуп алганбыз. Кызы жакшы баса албайт, көп учурда көтөрүп жүрүүгө туура келет. Ал эми тайпалашы тиштеп салган күнү кыз тамактанып жатканда эле уктап калган. Аны керебетине жаткырып коюп, башка балдарды жаткырганга даярдап, ары жакта башка баланын жалаягын алмаштырып жаткам. Ошол маалда уктап жаткан кызды жанында жаткан бала тиштеп жибериптир. Кыздын ыйын угарым менен чуркап келип колума алдым.

Апасына чалып чакырдым. Келгенден кийин Үмүт ооруканага алып барам деп алып кеткен. Мен бала бакчанын жетекчиси болуп жумуш бүтөрү менен кечки саат 18:00дө ооруканага бардык. Дарыгер менен жолукканыбызда ал "ооруканага жатуунун кажети жок, биз жазып берген дарыларды ичирип койгула" деди. Болгону бир ийне сайдырыш керек экен. Үмүт "мен кимге, кайда алып барып сайдырмак элем? Ооруканага жатабыз" дегенинен дарыгерлерден бир күн болсо дагы жатып, ийнесин сайдырып алуусун суранганбыз. Ошол күнү жаныбызда болгон 200 сом акчаны берип, дагы керек болсо чалып айт дегенбиз. Эртеси күнү ишке баратып Үмүткө чалып эмне болуп жатканын сурасам, баары жакшы экенин, үйүнө чыгып жатканын айтты. Анан кызын кайрадан эле биздин бала бакчага алып келерин билдирди", - дейт тарбиячы.

Ошондой эле ал учурда кыздын ата-энеси эмне керек экенин так айтпай жатканын айтып, буларды билдирди.

"Ооруканадан чыккан күнү эле бала бакчага Үмүттүн жолдошу, эжелери менен келип "кызымды тиштеген бала кайда?" деп кыйкырып кирди. "Ооруканага жатып чыктык, силер жардам берем дегенсиңер, бербей койдуңар" дейт өзүн Үмүттүн күйөөсүмүн деп тааныштырган адам. Биздин үстүбүздөн Биринчи Май райондук сотуна барып арыз жазыптыр. Биз жардам беребиз, керек болсо айткыла десек кыздын апасы кереги жок деген. Эми эмнеге ызы-чуу салып жатат, түшүнгөн жокмун", - дейт Айдашова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nanei
2018-08-08 20:22:54
Эми кайра эле келип оздору куноолуу болуп калышыптыр да. Энесине куноону оодара коюштуго заматта. Тобоооо
+5
Nanei
2018-08-08 20:24:53
Менин кичекей кызымды кошунанын кызы тищтеп алганда шумдук чанырган. Журогум тушуп калды оошондо жылаан чагып алганго деп, чуркап барсак колун кырча тиштеп салыптыр. Бул жерде он беш жолу тиштесе да кантип укпай жата беришкен?? Тарбиячыларда деле уят жок экенда
+10
gulmi
2018-08-08 22:55:57
Тарбиячы таш бакабы?кыйкырары менен чуркап келгем дейт.Чуркап келгичекти 15 жолу кантип тиштеп жиберсин?коп убакытка карабай тактап салышкан да
+7
madina.87
2018-08-08 23:34:01
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн деген заманда.
Келиндин жеке жашоосу менен ишинер эмне деймда. Ажырашкан, тыты,пыты дебей,тиштетип наристеге азап бергенден кийин жардам бербейсинерби!!!
Өлөрчө актаныпсыңго,
+4
nur72
2018-08-08 23:57:20
Жоопкерчилик деген кайда кайра ал келиндин жеке жашоосун айтып тамтырактайт ,жардам бергенге даярбыз дебей эле жардам бербейсиңерби кызы жакшы баса элек деп кабыл алып жатканда билгенсиңер да баарын
+3
aralbek
2018-08-09 00:23:30
Узун ушакка кирип кеткен да байкуш тарбиячы
+2
BekAmir
2018-08-09 00:34:24
Тарбиячы кароосуз калтырган балдарды
+2
asman.81
2018-08-09 07:40:33
Жетип келгиче он беш жолу тиштебейт да,байкуш кыздын денесин карасанар.Жоопкерчиликтен качып жатат да.
0
madina.87
2018-08-09 15:02:21
Дагы бир кыйындын катыны окшойт кенебегенине караганда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан