ЭЛДИК ВИДЕО: "Маркумду жерге берүүдөгү жат көрүнүш"

"Элдик видео" бөлүмүнө "Маркумду жерге берүүдөгү жат көрүнүш" деген аталыштагы видео жүктөлдү.

Видео кайсы аймакта тартылганы тууралуу так маалымат жок. Анда жүздөн ашык кишинин маркумдун сөөгүн көтөрүп "Аллаху Акбар" деп кыйкырып кетип жаткандыгы тартылган. Сөөктү коштоп бара жаткандардын арасынан калпак кийген кишилерди байкоого болот.

Бул видео тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгынан SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү айтып, мусулмандарды мындай көрүнүштөрдөн сактанууга чакырды:

"Табытты көрүстөнгө алып бара жатканда кыйкырык, сүрөөн кылуу Ислам шариятында жакшы эмес. Пайгамбарыбыздын бул нерседен тыйгандыгын бизге Абу Хурайра жеткирген. "Табыттын артынан кыйкырык-сүрөөн кылынбайт, от да жагылбайт" деген пайгамбарыбыздын насаатын Абу Давут жеткирген. Ал эми Харундун жеткирген маалыматында пайгамбарыбыз табыттын астына түшүп алып басуудан да тоскон", - дешти муфтияттан.

Маркумду жерге берүүдө жат көрүнүш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Ka2sr1
2018-08-16 13:14:03
Эртен ушуларга окшогон сокур фанаттар арабтардын шарыятын орнотобуз деп Ак уйдун алдына аллах акбор деп окуруп, бакырып келишпейт деп эч ким гарантия бере албайт. Депутаттар ойлонгула. Мындай фанаттар чу дегенде эле ИГИЛ, Талибандын кайрымагына илинишет.
-8
bekub1473kg
2018-08-16 14:00:54
Оо Кудай ызуу чуу чыгарган динге каршыларды жакшы адам кыл жакшы адам болбосо озун эртереек алып кет булар адамдарды уруштуруп экиге болуп аягы жакшы болбойт
+11
Ayimkaaaaaa
2018-08-16 14:23:16
bekub1473kg,жардыныз го)))
+1
Nanei
2018-08-17 18:34:16
bekub1473kg,озуно омур тиле андан коро. Эртен сен олуп калба элден биринчи
0
meni_kut
2018-08-16 14:20:59
Анырандап эле кире калып коммент жазбай биринчи окусанар Исламда мындай нерсеге тыюу салынган деп турат.
+9
PROS
2018-08-16 14:24:16
Тооба кылдым супер кейжиге катталгандардын жарымы эле теңирчи болуп кеткенби эмне?!
Тема боюнча айтсам, булар шииттер окшойт.
+6
monster_high_98
2018-08-16 18:47:53
PROS,Тенирчи деген ким озу
+2
bekub1473kg
2018-08-16 22:30:13
monster_high_98,тенирчи деген бакшы
+1
yrmat88
2018-08-16 14:24:26
Чынында Кыргызстанда жумушсуз, оз жолун таба албай жургон жаштар коп. Мына ошолор азыр диний фанатка айланып кетишкен. Кыргызстанда эн коркунуч бул диний фанатизм, радикализм. Диндин башы татуу, аягы ачуу менен бутоорун бугунку бийлик тушунуш керек. Биздин молдолор мечиттерде диний фанатизмди кучотуп жатышат. Ушундай жат корунуштор акыры келип жаштар арасында динден башкасынын баарын жек коруу сезимдерин ойготуп жатат.
+2
Asyl10
2018-08-16 14:29:15
Кыргызстанда динди тушунуп-тушунбой эле ар турдуу диний агымдарга аралашып алып, Ислам динин турдуу кылып бурмалап башы айланып, араб, афган,пакистандын диний саясатынан тартып ырым-жырым, кийиминен бери колдонгон диний фанаттар толтура. Алар жаштарды ан-сезимин буруп, карангылыкка,экстремисттик иштерге буруп отуруп бутундой Кыргызстанды туш тараптан деградацияга суйроп жатышканы окунучтуу. Жаштар таза Ислам дининин идеологиясы менен жашашса жакшы болмок,дуйнолук илим,билимге
+3
Asyl10
2018-08-16 14:47:52
жаны ачылыштарды жасоого, мамлекеттин онуктуруп алдынкы бай мамлекеттер менен тен ата суйлошууго уйронушот. Тилекке каршы мамлекетибиздеги кыжыган турдуу диний агымдар Ислам динин жамынып алып оздорунун арам иштерин ишке ашырып, жаштардын ан-сезимин илимге эмес джихадка,экстремисттик иштерге, карангылыкка,жапайычылыкка буруп жатат. Кыргыздарда илгери атасынын козу тируу кезинде баласы сакал койсо наалатка калчу, азыркы жаштарыбыз атасынан озунуп сакалын саксайтып журушот
0
nuri1
2018-08-16 14:53:36
Адамга динди шарыятты айтып койсо эле жакшы киши болуп кетпейт. Адамдар билимдуу, эмгекчилдик, онор аркылуу туура тарбия алышат. Биздин молдолордун кобу жумушсуз, ишсиз журугондор.
0
Asyl10
2018-08-16 14:58:17
Кыргыз болгондон кийин кыргыздын ата-бабасынан калган салытын кылсак болмок, араб олколорунун диний саясатын жургузбой.Алар оздорунун урпактарынан калган диний идеологияларын, ал гана эмес кийимдеринен,журум-турумдарынан бери дуйного жайылтып жатышат. Кыргыз кыргыз боюнча эле калып ата-бабаларыбыздын салт-санаасын, урп-адатын улантсак жаман болбойбуз.Тилекке каршы, бизде исламизация эмес эле арабизация болуп баратат. Онугуунун оордуна деградация коркунучу чон.
+3
ma2as
2018-08-16 15:59:32
Менин бир дос балам , Россиядан депорт болуп кетип , Кыргызстанда иш таппай журуп , азыр арабча кийинип динге берилип кетиптир. Чындап эле жат корунуш, андай кыйкыруу , ал нерсени токтотуш керек . Айылдын молдосуно тушундурмо берилип . Мен бирде Москвада чон мечитке айт намазга барганда , - озбек тажиктерр намаз буткондон кийин - алох акбар деп метрого жеткичие кыйкырышты эле, коп жылдан бери Бишкекте деле чон аянтка барчуу элем намазга , угуп жаман акыбалда болдум эле
+2
Akyl78.1501
2018-08-16 16:24:14
Динди тушунбогон манкурттар кыйкырып журушот
0
nuri1
2018-08-16 17:19:49
Аллах акбор деп кыйруу бул согушчандарга муноздуу корунуш. Мечиттеги кыйкырыктарды басуу керек. Микрофон жок эле кыйкырышсын.
+2
aman0296
2018-08-16 17:35:02
Бекерчилер ишинерди кылгылачы, динге асылганды силерге ким коюптур
+1
bekub1473kg
2018-08-16 18:07:12
Ушу динди жаман атты кылгандардын баарынарды ишке алам бирок бир жылда намаз окуп каласынар
-3
280678
2018-08-16 18:12:36
Бут динсиздер жазышыптыр. Сакал боюнча, илгери кыргыздар кырк жашка киргенден баштап эле сакал коюшкан. Манасты жана Манастын чоролорун эстеликтеринен корсонор баарында эле сакалы болсо керек.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан